Дааватчы-министр Нуржигит Кадырбеков молдолорго байланыштуу акча жегенби?
“Өлө албай жатып өлөң айтат” деген сөз бар. Анын сыңарындай, ыр жазганды деле жакшы билбей “акынмын” деп, проза деле жаза албай “жазуучумун” деп көрүнгөн жерде өзүн реклама кылып, сүйлөсө элдин башына чай кайнатып, абстракттуу божурап, интернетте ырларын окуп, обон шаңшыта шоу бизнестин өкүлү болгондой, бир карасаң динден кеп салып, даават айтып отурат. Айтор, Нуржигит Кадырбековдун ишмердүүлүгү өзүн таппай адашып, ар нерсеге урунуп-беринип жүргөн бир боз баладай эле таасир калтырат. Анан ошол боз баладай неме шашылыш куралган өкмөттүн курамынан орун алды. “Жаңы Ордо” гезити аны “гүленчи” деп атады. Анан да анын каржылык күмөндүү иштерге катыштыгы бар экени айтылууда, ыраспы? Кеп молдолорду окутуу, аларга айлык берүү боюнча бөлүнгөн каражат тууралуу маселе козголуп, чыр чыкпайбы? Иши кылып жаңы өкмөттө мындай кокустан кошулган, адашып кирип калган ишмерлер көп болгонун моюнга алышыбыз керек.
"Азия Ньюс" гезити