Камит Савай, блогер: “АКШда өлүм көп, абал оор бойдон калууда”

АКШда жашаган блогер Камит Савай коронавирус боюнча Америкадагы абал тууралуу ой бөлүштү. Абал оор. А биз камырабайбыз.
-- Камит ага, АКШда пандемия күч алып, адамдар өлүмү көп экени айтылууда...
-- АКШда пандемия боюнча абал оор бойдон калууда. Кечээ АКШ боюнча бир күндө жаңы жугузган 114 миң 703 киши катталды, бир күндө 3 миң 632 киши каза болду. Президент Байден вакцинацияны тездетүү максатында “100 күндө 100 миллион кишиге вакцинация” деген программаны кабыл алууну сунуштады. 8 миллиондон ашык киши жашаган биздин Вашингтон штатында да губернатор Инсли “Бир кұндө 45 миң вакцинация” программасын ишке ашырам” деп жатат. Азырынча 333 миллион калкы бар АКШ боюнча 2 миллионго жакын киши эле вакцина алышты. Кээ бир штаттарда британия вирус штаммы таркап жатканы аныкталды. Канада менен чек ара февралдын аягына чейин жабык болот. Өлкөгө келген ар бир киши жаңы ПЦР тест менен киргизилип, андайы жоктор 14 күнгө карантинге алынат.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити