Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек ИСАЕВ, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаев сый-урматтан эбак кеткен»

Канатбек ИСАЕВ, «Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты: «Атамбаев сый-урматтан эбак кеткен»

01-октябрь, 15:10
2 095 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Өткөн демалыш күндөрдө «Кыргызстан» партиясы VI съездин өткөрүп, анда партия лидери болуп кайрадан Канатбек Исаев шайланды. Ал аталган партияга буга чейин да лидерлик кылып келген. Исаев алдыдагы төрт жылда дагы лидерлик кылат. Партиянын айланасындагы күбүр-шыбыр кептер, алдыдагы шайлоого аттанышы жана башка маселелер тууралуу Канатбек мырза менен маек курдук.

– Канат мырза, cиз лидерлик кылган «Кыргызстанга» «КСДПнын клону» деген ат конгон. Алгач ушунун түшүндүрмөсүн бере кетсеңиз? 
– 2015-жылдагы үгүт иштерине анализ кылсаңыздар, шайлоо учурунда коомдук каналдан баштап, бийлик көзөмөлдөп турган ЖМКлардын баарынан бизди өзбек сепаратисттерине байланыштырып, катуу сындап турушкан. КСДПнын клону болсок, бизди ушинтмек беле? Экинчиден, биз КСДПнын клону болсок, Атамбаевдин бийлигинин туу чокусунда, гүлдөп турган кезинде мени куугунтукка алат беле? 
Биз КСДПга иштесек, мени төрагалыкка жөн эле өткөрүп коюшат эле го? Төрагалыкка өтпөй калбадымбы. Мунун баары ачыктан-ачык көрүнүп турбайбы. Конституцияны өзгөртүүсүнө каршы чыгып, «узурпация кылуу аракеттери жүрүп жатат, соттордун баары Манас Арабаевдин гана буйругун аткарып жатат, биз 37-жылга кетип баратабыз» деп КСДПнын клондук партиясы мындай жарыя кылмак эмес да? «КСДПнын клону» деп айтып жаткандардын логикасы боюнча, «Кыргызстанды» «КСДПнын экинчи бөлүгү» дешкен болсо, анда КСДПнын өзүнүн партиясы өзүнө каршы чыкмак беле? Логикага туура келбей жатпайбы...
– Кечээки съездде «Кыргызстан» алдыдагы шайлоого барарын, жөн эле эмес, бийликчил партия катары барарын жар салды... 
– Биз бийликтин туура кадамдарын колдойбуз. Туура эмесин «туура эмес» деп ачык айтканга эркибиз жетет. Мурунку бийликтин учурунда да ушундай позицияны карманганбыз. Бүгүн деле ошол нуктабыз. Мамлекетте ынтымак, туруктуулук болсун десек, бийликтин туура иштерин колдошубуз зарыл. Ыйкы-тыйкы, саясатта туруксуздук болсо, бизге инвесторлор эч качан келбейт, экономикабыз өспөйт, элибиздин жашоо-турмушу оңолбойт. Президент шайлангандан кийин баардык бийлик бутактары президенттин тегерегинде жалпы мамлекеттик саясат жүргүзүшү керек (!) деп эсептейм. 
– «Атамбаевдин бийлигинин тушунда бизге кысымдар, куугунтуктар болду» деп жатасыз. Ошого карабай, 2015-жылдан бери башкаруучу коалициядасыздар. Бийликтин жарымы сиздердин фракциянын колунда...
– Атамбаевдин бийлигинин тушунда саны боюнча экинчи фракция болуп коалицияга киргенбиз. Биринчи партия КСДП, экинчи «Республика – Ата Журт» болгон. Бирок, РАЖ коалицияга кирген жок. Шайлоодо 3-орунду ээлесек дагы, коалициялык келишимде экинчи фракция болуп калдык. Демек, бизге дагы кызматтар бөлүштүрүлгөндө төрага орун басарлыгы, эки комитет тийди. Атамбаевге каршы чыкканда, ал жеке мени колдогон адамдардын баарын кызматтан алып түштү. Туугандарымды, өкүл балдарыма чейин кызматтарынан кууду... Кийин көпчүлүк коалицияга дагы 2-фракция болуп кирдик. Жакында РАЖ кошулду. Ага чейин көп нерсени жоготтук. Чолпон Султанбекова вице-премьер эле, ал кызмат азыр биздин фракцияга квота боюнча тийбей калды. Экономика министри Арзыбек Кожошев эле, ал министрликтен да, социалдык министрлик кызматтан да кол жуудук. Төрага биздин партиядан болгонуна байланыштуу аткаруу бийлигинен биздин квоталар бир топ кыскарды. Башкаруучу альянска 4-фракция болуп РАЖ киргендиктен, биз ээлеп турган квоталар аларга да бөлүштүрүлдү. 
– Шайлоого барарын ачык жар салган азырынча сиздердин партия болууда. 2015-жылы алгач ирет шайлоого барып, «ар бир жаңы төрөлгөн балага 50 миң сомдон сүйүнчү пул беребиз» деп убада кылгансыздар. Бирок, ал аткарылган жок. Бул жолу утуп келүү ишенимиңиздер бекемби?
– 2015-жылы жаңы партия болуп түптөлүп, шайлоого 4 ай калганда аттанып, ийгиликтүү утуп чыктык. 3-орунду ээледик. Андан бери төрт жыл ичинде аткаруу бийлигиндеги аткаминерлерибиз, партиялаштарыбыз менен биргеликте бир топ жакшы иштерди жасадык. Өлкө боюнча 30дай ФАП курулду. Ондогон мектептер, ооруканалар, бир нече чакырым жолдор, көпүрөлөр курулду. Бюджеттин каражатына эмес, өз акчаларыбызга, демөөрчүлөрдүн каражаттарына курдурдук. Аткарылган жумуштар бар. Азыр дагы Жогорку Кеңештин ичинде биздин фракцияны «эң туруктуу фракция» деп аташат. Айрымдарды көрүп жатасыздар, экиге бөлүнүп, ыйкы-тыйкы болуп атышат. Башкаларда деле акыбалдары жыргаткан жери жок. Бизде деле «баары жакшы» дебейм. Кемчиликтер бар, элет менен (партиялаштар, жергиликтүү кеңештердеги депутаттар) байланыш ойдогудай эмес. Бирок, салыштырмалуу башкалардан өйдөбүз. Кыргызстандын 20дан ашык шаары болсо, ошонун 2-3 эле шаарында биздин депутаттар жок. Калганынын баарында бар. Бул көрсөткүч эмей эмне? Жогорку Кеңештин шайлоосунда биз 1-орун алган КСДПдан эки эсе, 2-орун алган РАЖдан 50 пайызга артта калсак, жергиликтүү кеңештердеги шайлоолордо алардан ашып түштүк. Мунун баары партиянын өсүш темпин көрсөтүп турат. Мунун баары бизге 2020-жылы боло турган шайлоодо да утуп чыгууга үмүт берет. Баары Кудайдын колунда. 
Ал эми «убаданы аткарбадыңар» деген суроого мындай деп жооп берем: бала кезде баары алдына чоң максаттарды коёт. Анын баары эле аткарылып кетпейт. Башкысы, максаттар бийик болуш керек. Биз максатты койдук, бирок, муну жөн гана куру убада кылган жерибиз жок. ЖКдан бир нече жолу маселени мыйзам катары алып өткөнгө аракет кылдык. Өкмөт каражат тартыш болгонго байланыштуу муну ишке ашыра алган жок. Азыр четинен ишке ашып келатат. Беш  миң сомдун тегереги болсо да сүйүнчү пулдар бериле баштады. Бир нерсени эске алып коюу керек, биз 120 депутаттын болгону 18ибиз. Эгер биз 40-50 болсок, бул убаданы тоскоолдуксуз ишке ашырган болот элек. Анда өкмөткө таасирибиз чоң болмок да, муну дароо ишке ашырмакпыз. Биз бул убаданы сөзсүз түрдө ишке ашырабыз. Келаткан шайлоодо дагы бул убаданы четке какпайбыз. Кийинки чакырылышта келе турган болсок, мунун үстүндө дагы иштейбиз. Бул биздин партиянын келечек максаты, ишке ашырабыз деп убада берем.
– Партия тууралуу айтсаңыз. Кечээки съездден кийин дагы сөз тарады. Партия ичинде интрига күчөп жатканы айтылып жатат. Негиздөөчүлөрдүн бири, балким партиянын ээси дейбизби, Шаки мырза (Шаршенбек Абдыкеримов) менен мамилеңиздер кандай? Ал кишинин партиядагы таасири кандай?
– Биринчиден, партиянын ээси болушу мүмкүн эмес. Бул жоопкерчилиги чектелген коом, же менчик фирма эмес. Мисалы, сиз партия ачсаңыз, анын катарына чакырган кишилер партияны түзөт. Ээси ошонун баардыгы болуп эсептелет. Биздин партиянын негизги ээси да партиялаштар. Башкача айтканда, 20 миңден ашык партиялаштар болсо, ошонун баары партиянын ээси. Жер-жерлердеги конференциялар аркылуу делегаттар шайланат. Эң башкы партияны жетектей турган органы бул – съезд. Көрдүңөр, съездде жакынкы төрт жылга партия төрагасын шайлашты. 
– Кечиресиз, бирок, элге сиңип калган түшүнүк башкача...
– «Кыргызстан» партиясы – накта классикалык түрдө партия кандай болушу керектигин көрсөткөн партия. Мен партия төрагасы болгон үчүн баарына айтам, «баарыңар партия төрагасы болгонго, саясый кеңешке киргенге мүмкүнчүлүгүңөр бар» дейм. Дагы айтам, партия ээси болушу мүмкүн эмес. Шаки да биз сыяктуу салмактуу саясый кеңештин мүчөлөрүнүн бири. Анын да сөзүн, оюн, пикирин, көз карашын башка мүчөлөрдөй эске алабыз. Ушул суроого бир мисал айта кетейин. Баарыбыз КСДПны «Атамбаевдин партиясы» деп келдик эле, бирок, саясый кеңеш чогулду, курултай чакырды. Анда Атамбаевди четке кагып коюшту го? Демек, партиянын негизи башкада. Айрымдар «Сагынбек Абдрахмановдун кылганы туура эмес» деп жатышпайбы. Бардыгы туптуура аныкы. Саясый кеңештин көпчүлүк добушу менен курултай чакырылды, курултайда жаңы саясый кеңештин мүчөлөрү бекитилди. Болду, мыйзамда ушундай. 
– Интрига тууралуу кеп-сөздөрдөн улам, лидер шайлоодо түшүнбөстүктөр болгон жокпу?
– Өзүңөр деле көрбөдүңөрбү, Шаки өзү чыгып сүйлөдү. «Бул жерде көпчүлүгү Исаевди шайлаганы келди, биз демократия болсун деп дагы экөөнү кошуп койсок кандай болот?» деди ал. Сунушталган экөө тең баш тартты. Анан да саясый кеңеш курултайга «Исаевдин талапкерлигин дагы бир ирет бекитип берсеңер жакшы болот эле» деп кайрылды. Биздин башка партиялардан дагы бир айырмабыз – партиянын өзөгүн түзгөн адамдар, досторбуз. Жөн гана саясаттагы үзөңгүлөштөр эле эмес, үй-бүлөлүк катыштарыбыз бар жакын досторбуз. Бизде кандайдыр бир пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Бир туугандарда деле болот андай нерсе. Ар дайым адамгерчилик, досчулук, үй-бүлөлүк досчулук мамилелерибиз бизди саясаттан өйдө кармап турат. 
– Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча баяндама жасап, негизги кишилердин бири болдуңуз. Ал кишинин учурунда сизге кылмыш иши козголуп, камалдыңыз. Кийин бир ишиңиз кыскарды, экинчиси али да бар. Ошол иштериңиз кандай болуп жатат?
– Шайлоого соттолгон киши аттана албайт. Тергөө болуп жаткан иш, бийликти басып алууга аракет кылуу тууралуу кылмыш иши боюнча убактылуу токтоп турат. Соттолбогондон кийин адам «күнөөлүү» деп эсептелбейт. Азыр менин үстүмдөн эч кандай кылмыш иштери жок. Мен мандатка ээмин. Мандатты кайра алган жокмун, менден мандатты эч ким алып, кайра берген жок. Үзгүлтүксүз эле депутат болуп келатам. Мага биринчи соттон 12 жыл беришкен. Шаардык соттун чечими менен ал кыскарды. Экинчисин Бабанов мамлекеттен сырткары болгонго байланыштуу токтотуп коюшкан. Ал келди, эми тергөө кандай кабыл алат, ошого жараша чечилет. Негизи, видеодо «төңкөрүш», «бийликти басып алуу» деген бир да сөз жок, мыйзамдуу үгүт иштерин каржылоо маселелери тууралуу кеп болгон. Провокация кылып, бийлик атайылап мени шайлоо процессинен четке чыгаруу гана максатын көздөгөн. Ал максатына жетти. 
– Бул шайлоодо кандай болот?
– Кийинки шайлоодо бизди эл шайлайт, колдойт деген ишеним бар. Эл деле түшүнүп калды. Мамлекетке туруктуулук керек. Кийинкиде 5-6 эмес, төрт партия келет. Бирөө «Кыргызстан» болот, буюрса. 
– Атамбаев учурда камакта. Ал шайлоого таасир эте алат деп ойлойсузбу?
– Атамбаевдин кыйын-кыйын аткаминерлеринин баары Аламүдүн районунан болчу. Президенттигинин учурунда ошол райондон Сооронбай Жээнбековго жеңишти камсыздап бере алышкан жок. Ушул нерсе эле көп нерсени айтып турат. Президент болуп турганда элине таасири, аброю жок адам, былыктарынын баары ачылып, түрмөдө жаткан азыркы учурда саясатка таасир этмек беле? Акчанын күчү менен дагы таасир эте албайт. Ал эл ичинде сый-урматтан эбак кеткен. 
Динар ТУРДУГУЛОВА, «Азия Ньюс» гезити 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер