Акыркы кабарлар
» Саясат » Губернатор Илияз Иманбетов кызматтан кетпесе, мамлекетке сокку урушу мүмкүн
Губернатор Илияз Иманбетов кызматтан кетпесе, мамлекетке сокку урушу мүмкүн
19-июнь, 09:00
605 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Буга чейин Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы тазалыктын начар экенин баса белгилеп, коррупция күчөгөнүн да кошумчалаган, айтор, тийешелүү жетекчилер милдеттерин аткара албай жатканын айткан. Кызматтан кетишкени, камалышканы, сөгүш алгандары да бар. Мына ошолордун башында Ысык-Көл облусунун губернатору Илияз Иманбетов турбайбы? Кол астындагыларды башкара албай, чаржайыттыкка алдырганы жашыруун эмес. Туристтик сезон башталганда башкы жетекчи иштей албай жатса, облусту артка тарса, карапайым калкка убал эмеспи. Мамлекеттин өсүп-өнүгүүсүнө, имиджине сокку урат да. Андыктан, алдастаган Илияз Иманбетовду президент Садыр Жапаров алдын ала кызматтан албаса, эртең кеч болуп калбайбы?
Бөлүшүү:
"Азия Ньюс" гезити