Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бизнесмендерди ремонт шылтоосу менен “сыгып”, ири суммада акча алып атасызбы?

Бизнесмендерди ремонт шылтоосу менен “сыгып”, ири суммада акча алып атасызбы?

10-октябрь, 09:00
654 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурда Бишкек ШИИБге начальник болгон жетекчи ички иштер министри катары секирик жасашчу. Мисалы, Кеңешбек Дүйшөбаев, Өмүрбек Суваналиев, Абдылда Суранчиев, Молдомуса Конгантиев, Зарылбек Рысалиев, Мелис Турганбаев ж.б. Азыр тескерисинче кургуйга кетет. Акыркы жылдары иштей албаган кадрлар электен өтпөй эле чоңоюп кетишип, анык жүздөрү ачылып атпайбы. 

Бишкек ШИИБни элдир-селдир башкарган Азамат Ногойбаевдин дараметине бүтүндөй кыргыз эле күбө болду. ИИМ тарабынан улам сөгүш, сын угуп жатып, акырында үч кызматкери камалып, ошонун айынан жумушунан алынган. Мындай өкүнүчтүү көрүнүш баарына сабак болушу керек эле. Тилекке каршы, кадр саясаты аксай баштады...

Учурдагы Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Токтоналиевдин кандай артыкчылыктары бар? Реалдуу караганда, бул жигит өзүн көрсөтө албай жатат. Эмне менен алектенип атканы баарыбызга белгисиз, көзүбүздү чоң ачып карасак да ишмердигин билбейбиз го, туурабы? Ушундан улам дагы суроо туулат. Азамат мырза, сиз айрым бизнесмендерди ремонт шылтоосу менен “сыгып”, ири суммадагы акча алып атасызбы? Жарымы “сол чөнтөккө” кетип атабы? Бул жагынан коллегалардын шектенүүсү күчөдү го? Тал-теректин башы тегин жерден кыймылдабаса керек э?.. 

Биздин суроолорго жооп узатсаңыз, гезит бетинен орун берели. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер