Бакиевдик үй-бүлөлүк бийликтин үлгүсүн Шакиев улантууда

“Көргөн көргөнүн, көсөө түрткөнүн кылат” дейт. Анын сыңарындай, Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигине пресс-катчы болгон Нурланбек Шакиевдин учурда арааны ачылып, үй-бүлөлүк, жоро-жолдоштук кадр саясатын гүлдөтө баштаган чагы. “Кой” деген кожо жок тура. Буга чейин досу Бактыбек Нарчаевди Ленин РИИБ начальнигине дайындатса, эми болсо бир тууган иниси Жыргалбек Шакиевди ушул эле районго аким кылды. Эрксизден жылмаясың да. Эске салсак, Курманбек Бакиев да президент болгону бир туугандарын, балдарын таасирдүү кызматтарга дайындай баштаган. Мына ошол терс жорукту “бөлтүрүгү” улантууда. Элибиз кыжырданып, ичтен түтөп турат. Аныгында, Жыргалбек Шакиевдин карьерасы 2021-жылы Аксыга аким болуу менен башталып, көп өтпөй Чүй районунун администрациясын жетектептир. Эки жылдай убакытта орун алмаштыруу, секириктер коштолуп, заматта Бишкек шаарынын бакандай районуна башчы болуп отуруп калды. Бир тууганы мурда белгисиз кадр экен, качан гана Нурланбек Шакиев депутат, спикерликке минген соң, акимдикти көйнөктөй алмаштырып, тайраңдап чыга келгенин карагылачы? Булар коомчулуктан деле айбыгышпайт экен. Акыры бирди көрүшөрдө көздөрү тумандап калышат беле?
"Азия Ньюс" гезити