Адиль Турдукулов: “Кой-Таш окуясы боюнча сотто адилеттүүлүк болбойт”
-- Адиль мырза, бир топ жылдан бери саясый куугунтук көргөн адамдарды коргоп келесиң... Бул саам Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму башталды. Коомчулук чындыкты билүүгө тийиш. Бийлик ачык сот өткөрүүгө шарт түзүп бере алабы? Же жашырып-жаба турган бүдөмүк иштер барбы?
-- Биз дайыма эле бийликтин “сот процесстер ачык болот, адилеттүү чечим чыгарат” деген убадаларын угуп келе жатабыз. Бирок, ошол эле учурда Атамбаевдин же башка саясый соттук процесстер көптөгөн процессуалдык ченемдерди бузуу менен өтүп жатканын баарыбыз көрүп жатабыз. Соттук отурумдарда журналисттерди киргизбей, ачык болбой жатканы баарыбызга белгилүү. Соттордо камералар коюлган, бирок ал камералардан видео алууга мүмкүнчүлүк жок. Бул системада мурдагыдай эле коррупцияга малынган, мыйзамды бузганга шектелгендер иштеп жатышат. Эч кандай реформа жүргөн жок. Ошондуктан Кой-Таш окуясы боюнча айыпталган адамдарга адилеттүү чечимди күтүүгө болбойт. Соттук иш да ошон үчүн жабык өтөт.
-- Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын башчысы, мүчөлөрү кандай аракеттерге барышты эле? Ал курамдын тобу адилеттүүлүктү тутундубу, же бийликтин кошоматчылары катары сыпатталабы?
-- Комиссияга Атамбаевди жаман көргөн, жеке таарынычы бар адамдар кошулуп калганда эле мунун максаты түшүнүктүү болгон. Бул жерде бир гана ошол Атамбаевдин үйүнө болгон чабуулду легитимдештирүү, мыйзамдаштыруу жана саясый жагынан актоо аракети көрүлгөн. Бирок, эскертип кетейин, жакынкы келечекте комиссиянын мүчөлөрүнө укуктук баа берилип, алар да жоопкерчиликке тартылат.
-- Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу калыбында болуп турса, сотто катуу билдирүүлөрдү жасай турганы айтылууда. Бул жагынан кызыгып көрдүңбү?
-- Эми саясый соттук процесстер, дайыма саясый кайрылуулардын трибунасы болуп келген. Мында да ошондой болот, анткени Атамбаев эл, ММКлар менен байланышка өзгөчө көңүл бурууда. Буга соттор жабык өткөнү тоскоол болот, бирок биз башка жолдор менен анын сөзүн элге жеткирүүгө амалын табабыз.
-- Ушул соттук процесстерде башкаларга карганда Кундуз Жолдубаева чоң роль ойной турганы алдыртан бааланууда. Кандай артыкчылыктарын, күчүн сезип атасың?
-- Кундуз эч кимди сатпаганы үчүн аны буга чейин суракка чакырып жүдөтүп, бийлик өзүнө тартып алууга аракет жасап көрүштү. Бирок, бул максат ишке ашпагандан кийин кылмыш кодексинин оор беренелери аркылуу каматабыз (!) деп коркутуп жатышат. Анткени, Кундуз Жолдубаева эртеңки күндө Алмазбек Атамбаевдин ордун баса турган чоң фигурага айланат. КСДПнын жолун узарта турган да ал. Ошондуктан, бийликтин эң чоң баш оорусуна айланууда. Кундузду көп мактабай эле коёюн, бирок бир нерсени баса айтып кетейин. Эгерде Атамбаев президенттик доорунда анын жанында Абдил Сегизбаев, Индира Джолдубаева окшогон “чөөлөр” эмес, Кундуз Жолдубаева, Адиль Турдукуловдой чынчыл адамдар болгондо, Атамбаевдин кийинки тарыхы да башкача нукка бурулмак...
-- Экс-президент камалгандан кийин КСДПнын саясый кеңешинде интригалар жаралып, ич ара бөлүнүүгө ык коюшканы кабарланып келет. Өзүң да бул курамда элең, деги эле КСДПнын келечегин кандай болжойсуң?
-- КСДПга кайра кошулуумдун себебим, бул партия бийликке карата ачык оппозициядагы альтернативалык күч болгонунда. Деги эле авторитаризмге, үй-бүлөлүк башкарууга бөгөт коё аларын мен көп жолу айтып келгем. Азыркы саясый процессте дагы КСДПнын ишмердүүлүгү абдан маанилүү. Анткени парламентте “чимкириктер” топтолгон. Басымдуу бөлүгү Акүйгө карата каяша сөзүн айта албайт. Ошондуктан КСДП административдик басым менен шайлоого катыша албаса да, саясый талаада активдүү иш жүргүзгөнү, Кыргызстандын демократиялык процессинде абдан маанилүү болот.
-- Садыр Жапаровдун абакта отурушуна тынчсызданып келесиң... Саясый маңызын чечмелеп бересиңби?
-- Садыр Жапаров накта саясый туткун! Анткени, ал мурунку бийликти абдан курч сөз, далилдер менен сындаганы үчүн куугунтукталып, сыртка чыгууга мажбур болуп, акырында камалды. Садыр Жапаров менен катар жакын туугандарын мурдагы бийлик ур-токмокко алганы маалым. Өткөндөгү митингде да күч менен тарапташтары таратылганы -- саясый куугунтуктун белгиси. Анын тарапташтары “жаңы бийлик келсе Садыр бошотулат” деп ишенишкен. Ондогон митингдерди Ысык-Көлдө, Бишкекте да өткөрүп көрүштү. Бирок, жыйынтык биз күткөндөй болгон жок. Анткени, укук коргоо органдары, соттор баягыдай эле Акүйдү карап отурушат... Оппозициялык күчтүү лидерлер Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жалган көрсөтмөлөр менен камалганы да саясый талааны тазалоонун ыкмасы. Шайлоодо бийликчил партияларды гана өткөрүү аракети болуп жаткандыгынын белгиси.
-- Айтмакчы, Каныбек Осмоналиевдин камалышы унутта калып калгандай. Профессор ошончолук оор кылмыштарга шектелип, кооптуу иштерге барганына ишенесиңби?
-- Каныбек Осмоналиев интеллигент профессор, тажрыйбалуу саясатчы. Ал митингди алып барды, эч кандай экстремисттик чакырыктарды жасаган жок, башаламандыкка барбоону какшап, кечке чогулган элдин алдында айтып келди. Ошентсе да аны камакка алышты. Муну менен бийлик башка саясатчыларга кооптуу белги жөнөтүп жатат. “Ким болуп кетсеңер дагы, эгерде бизге акаарат көрсөтүп, элди чогултсаңар, түрмөгө тыгып салабыз” деген ойду жеткирди. Бирок, баса айтып кетейин, эгер оппозиция легалдуу жол аркылуу бийлик менен күрөш ыкмаларын таба албаса, анда саясый күчтөр башка кооптуу амал аркылуу күрөшкө өтүшү толук мүмкүн. Муну жогорку бийлик кеч боло электе ойлонсо...
-- Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун сот процесстери уланууда. Саясый соодалашуу болобу, же каршылык көрсөтүшүү менен аягына чыгышабы?..
-- Сот Текебаевди, Чотоновду толук бойдон акташы керек. Актагандан кийин Текебаевге карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогон Индира Джолдубаева, Абдил Сегизбаевден баштап УКМКнын, башкы прокуратуранын кызматкерлери жоопко тартылышы шарт. Текебаевди туура эмес камаган сотторго дагы чара көрүлүшү зарыл. Бирок, азыркыга чейин андай болбой, бийлик Текебаевден чочуп, аны шайлоого жеткирбей жатканында. Бул чоң ката! Анткени Текебаевге окшогон карт бөрү саясатчы парламенттин сыртында болгону бийликке кооптуурак.
-- Өлкөдө оппозициялык күчтөрдүн баш көтөрбөй жатканына кандай негиздер бар?
-- Оппозиция кырдаалга жараша болот. Эгерде бийлик мурунку каталардан сабак алып, оппозицияны укуктук талаадан чыгарбай, экономикага басым жасап, коррупцияга каршы күрөштү бир гана саясый оппоненттерге жүргүзбөй, адилеттүү кадам жасашса, анда оппозиция дагы шайлоо аркылуу парламентке жетүүгө аракеттенет. Бийликтин планы менен эмес, өзүнчө саясат жүргүзгөн лидерлер – Алмазбек Атамбаевдин, Өмүрбек Текебаевдин, Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Бабановдун, Мелис Мырзакматовдун партиялары шайлоого жигердүү аттанышса, анда элдин нааразычылыгы ошолор аркылуу чыгат. КСДП шайлоодо марага жетсе, оппозиция парламенттин ичинде болуп, саясый абал да тынчыйт. Саясый күчтөр парламенттин ичинде болушуна бийлик кызыгышы керек. Эгерде тескери көрүнүш кайталанса, куугунтук жүргүзүлсө, абал тынчыбайт.
-- Митинг-пикеттерде жарандардын талабы, сөз эркиндиги, дегеле демократиялык баалуулуктар Кыргызстанда кандай сакталууда?
-- Сөз эркиндиги аркылуу мамлекеттик органдардын элдин астында ачыктыгы жана аларга карата жоопкерчилиги жогорулайт. Ошол ачыктыкты камсыз кылган бул биринчи кезекте азыркы учурдагы журналисттер жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары болуп эсептелет. Ошондуктан бийлик ар кандай ыкмалар менен ошолордун оозун жабуу, аларды ооздуктоо аракетин жасап келүүдө. Бул, албетте, туура эмес. Биз буга каршы болобуз жана сөз эркиндигин дагы бир жолу коргоого бүт аракетибизди жумшайбыз. Тынч митингдер да ошол сыяктуу маанилүү. Анткени митинг-пикет аркылуу элдин бугу, нараазычылыгы чыгып турат. Коронавирус илдети кеткенден кийин биз сөзсүз түрдө тынч жыйындарды өткөрүү, сөз эркиндигин коргоо, саясый туткундарды коргоо темасын кайра актуалдуу кылуу аракеттин алкагында бүт күчүбүздү жумшайбыз. Жаңы түзүлгөн – Саясый репрессияларга каршы комитеттин ишин да жандандырабыз. Анткени Кыргыз мамлекети эркин болгондо гана өнүгө алат!
Асланбек Сартбаев