Кыргыз жазуучуларынын алгачкы уюму – “Кызыл учкун” качан уюшулган?

1920-жылдар Кыргызстанда билим берүү менен илимдин, адабият жана искусствонун активдүү өнүгүүсүнүн башат жылдары болгон. Анын далили: 1924-жылдагы И.Арабаевдин “Кыргыз алиппеси” менен 1925-жылдагы К.Тыныстановдун “Эне тилибиз” окуу китеби жана “Касым ырлар жыйнагынын” жарык көрүшү, 1924-жылдын 7-ноябрында “Эркин тоо” гезитинин биринчи санынын чыгышы ж.б. Дагы бир мисал, ошол эле жылы Түркестан Борбордук аткаруу комитетинин 2-пленумунун чечими менен (жай айларында) Кыргыз эл агартуу институту ачылган да, ага удаа 1925-жылдын 25-октоябрында ал кездеги Пишпек шаарында Кыргыз эл агартуу институту салтанаттуу ачылып, иштей баштаган. Биринчи директорлугуна П.К.Юдахин дайындалып, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп Б.Данияров бекитилген. (Институт азыркы Эркиндик гүлбагы менен Токтогул көчөсүнүн кесилишиндеги сегиз бөлмөлүү имаратта жайгашкан.) Ошондогу институтка кабыл алынган 140 алгачкы студент кыргыз интеллигенциясынын жаралуу мезгилин баштаган жана ага уютку болушкан.
Тарыхый далил катары айта кетүү керек го, көрүнүктүү тилчи З.Бектеновдун эскерүүсү боюнча (З.Бектенов, “Замандаштарым жөнүндө эскерүү”, Б., 1996-ж.) “Эркин тоо” гезитинин биринчи санынын чыгышына да жана 1928-жылы “Кызыл учкун” адабий ийриминин уюштурулушуна да акын жана жазуучу С.Карачевдин эмгеги чоң болгон экен. “Эркин тоонун” биринчи номурун даярдап, чыгаруу алдында анын “Эркин тоого” деген ыры жана А.Токомбаевдин “Октябрдын келген кези” аттуу ыры гезиттин биринчи санына сунуш кылынат. Ошондо С.Карачев өз ырын өзү катышып уюштуруп жаткан гезиттин алгачкы санына жарыялоодон тартынып, САКУнун студенти А.Токомбаевдин ырын чыгарууну сунуш кылыптыр. Чындыгында, ошол кездеги калемгерлердин ичинен С.Карачев лирикалык ырлары менен элге таанылып калган кези экен. Андан сырткары, К.Тыныстанов, М.Элебаев, К.Жантөшев, У.Абдукаимов, Ж.Турусбеков ж.б. чыгармачылыгы оттой тутанып чыга баштаган.
Мына ушул жаш калемгерлер келечектен үмүттөнүү менен институттун астында чыгармачыл жаштардын алгачкы органы катары, 1925-жылдын күзүндө Үмүттүү жаш” аттуу дубал гезитти уюштурушкан. Бул дубал гезит кол менен жазылып, айында эки, кээде үч ирет чыгып турган. Андан башка, ошондой эле кол менен жазылып, “Темир канат” аттуу пионердик жана “Балапан” аттуу балдар үчүн дубал гезит чыга баштаган экен (З.Бектеновдун аталган эскерүүсү, 79-бет). Ушуга удаалаш, 1927-жылдын 17-февралында “Эркин тоо” гезитинин 19-санынан баштап “Чалкан” аттуу рубрика ачылып, көбүнчө С.Карачевдин сатиралары менен фельетондору байма-бай жарыяланып турган. Ал рубрика кийин 1931-жылы сентябрь айынан баштап чыккан “Чалкан” сатиралык журналынын чыгышына негиз болгон.
1925-жылы 18-майда РКП (б) көркөм адабиятты өнүктүрүү тууралуу атайын токтом чыгарат. Анда көркөм адабиятка кандай мамиле жасоо керектиги, адабияттын милдеттери кандай экендиги аныкталып, анын өнүгүшүнө жардам берүү тууралуу айтылган. Ал эми 1927-жылы Кыргызстан жазуучуларынын ассоциациясын түзүү чечими кабыл алынган (маалымат: КСЭ, Ф., 1983-ж., 470-571-б.б.).
Бир жылдан соң , 1928-жылы “Эркин тоо” гезити “Кызыл Кыргызстан” деген ат менен аталып, араб жана латын ариптеринде аралаш чыга баштаган. Бул окуядан улам гезиттин арымы кеңейип, чыгармачыл жаштардын шыгына шык кошкон, көркөм чыгармалары менен бирге, адабий сын макалалары да орун алган. Сын материалдарынын чыгышына айрыкча К.Тыныстановдун “Касым ырларынын жыйнагы” май тамызган жана А.Убукеевдин, Ж.Жамгырчиевдин, Т.Жолдошевдин ж.б. ал жыйнакка карата ар кандай пикирлери тез-тез жарык көрүп турган. Мына ушундай активдүү иш-аракеттер чыгармачыл жаштардын атайын ийримди түзүү идеясынын жаралышына негиз болгон.
Анүстүнө 1928-жылы институттун алдында сүрөт, ыр-хор ж.б. ийримдер менен катар алгачкы адабий ийримдер уюштурулган. Адабий ийримдин активдүү катышуучулары К.Тыныстанов, Б.Исакеев, Б.Данияров, Т.Жолдошев, К.Баялинов, С.Нааматов, А.Токомбаев, К.Рахатуллин, С.Карачев, Ш.Көкөнов, А.Убукеев, М.Дөгдүров, Б.Кененсариев, Б.Калпаков, А.Идирисовдор болушкан жана “Учкундан жалын тутанат” деген элдик идеяны колго алышып, жакшы тилек жана жакшы үмүт менен ийрим ошол жылдын жаз айында “Кызыл учкун” деген атты алган.
Ийримдин аты ушундай аталышка расмий өтөр алдында, “Кызыл Кыргызстан” гезити 1928-жылдын 26-мартындагы 36-санына мындайча мазмундагы кулактандырууну жарыялаган экен: “29-мартта, бейшемби күнү, саат беште “К.К” газетасында (“Кызыл Кыргызстан” гезитинин кыскача аталышы – Р.С.) кыргыз жазуучулары жана акындарынын ийриминин уюмдаштыруу жыйналышы чакырылат. Ошол жыйналышка төмөнкү жолдоштордун көрсөтүлгөн убактан кечикпей келүүлөрү өтүнүлөт (эскерүүдө адам аттары кандай жазылса, ошол калыбында берилди – Р.С.):
1. КасымТыныстан уулу
2. Баялы Исаке уулу
3. Калим Рахматуллин уулу
4. Токчоро Жолдош уулу
5. Рыскул Бостек уулу
6. Урмамбет Убутай уулу
7. Ажыйман Шабдан уулу
8. Базаркул Данияр уулу
9. Мураталы уулу С.
10. Жамгырчы уулу
11. Абдыкерим уулу
12. Малик уулу
13. Байсал уулу
14. Сасыкбай уулу
15. Байымбек уулу
16. Таана кызы Мискина
17. Айша Түмөнбай кызы
18. Боталы Тыныстан уулу
19. Байжы уулу Ташым
20. Таним Ахат
21. Курман кызы
22. Мурат уулу
23. Аалы уулу
24. Бейше уулу
25. Жакиш уулу
26. Жусуп уулу Жапар
27. Абайылда уулу
28. Бектен уулу Зияш
29. Медер уулу
30. Мураталы уулу
31. Кененсары уулу
32. Кекен уулу
33. Ногойбай уулу
34. Бектурсун уулу
Комиссия”.
Мына ушул жыйналыштан кийин “Кызыл учкун” жеке эле Кыргыз эл агартуу институтунда окуган акын-жазуучулардын жана адабиятчылардын гана ийрими болбостон, бүткүл кыргыз жазуучу-акындарынын уюму болуп калды” (маалымат: З.Бектенов, “Замандаштарым жөнүндө эскерүүлөр”, “Осмонкул Алиев – “Эркин тоо” гезитинин биринчи редактору” бөлүмү, Б., 1996-ж., 80-б.).
“Кызыл учкундун” активдүү катышуучуларынын бири У.Абдукаимов болгон. Ошондон болуу керек, 1928-жылдын декабрь айында (З.Бектенов, аталган эскерүү китеби, “Узакбай Абдукаимов” бөлүмү, 172-173-беттер) ийримдин катышуучуларынын бир тобун үйүнө чакырып, “Кызыл учкун” мезгилинен эстелик болсун” деп чогуу сүрөткө түшүшкөн экен. Ошондо М.Элебаев, К.Жантөшев, Ж.Жамгырчиев, С.Сасыкбаев, Т.Байжиев, М.Абдукаимов, М.Кырбашев, К.Маликов, Ж.Бөкөнбаев, Ж.Кадыров, З.Бектеновдор чогуу түшкөн сүрөт бүгүнкү күндө өтө сейрек жана уникалдуу тарыхый сүрөт катары Кыргыз адабияынын өнүгүү тарыхынын бир күндөрүн чагылдырып, КСЭнин беттеринде басылып жүрөт.
“Кызыл учкундун” төрөлгөн күнү” тууралуу ушул маалыматты Айша Карасаеванын “Кылым карыткан өмүр” аттуу эскерүүлөр китеби (Б., 2000) да тастыктап турат. Китептеги “Кыргыз адабиятынын башатында” аттуу чакан бөлүмдөгү маалымат З.Бектеновдун эскерүүсүндөгү маалыматты толук далилдейт жана толук кайталап да турат. Анда мындай дейт (чакан маалымат толук келтирилди – Р.С.): “Киринпрос адабий ийриминин “Кызыл учкун” деген атка ээ болгону жеке гана окуучулар үчүн эмес (бул жерде автор “окуучулар” деп институтта окуган студенттерди айтып жатат – Р.С.), жалпы республика үчүн да мааниге ээ эле. 1928-жылдан баштап республиканын акын-жазуучуларынын уюмуна айланган.
“Кызыл учкун” уюму 1928-жылы 26-мартта “Кызыл Кыргызстан” гезитинин №36 санына, биринчи чогулушуна төмөнкү кишилерди чакырган болчу: Касым Тыныстан уулу, Базаркул Данияр уулу, Ажийман Шабдан уулу, Жума Жамгырчы уулу, Мамасалы Абдыкерим уулу, Кубанычбек Малик уулу, Саткын Сасыкбай уулу, Айша Түмөнбай кызы (Айша Карасаева өзү – Р.С.), Мискина Танин кызы, Боталы Тыныстан уулу, Ташым Байжы уулу, Өмүркул Жакиш уулу, Зыяш Бектен уулу, Бөрү Кененсары уулу, Шарип Көкөн уулу ж.б. (А.Карасаева, аталган китептин 24-бети).
1928-30-жылдардын ичинде Кыргызстан жазуучулар ассоциациясы түзүлүп, иштеп турган, анда кыргыз, өзбек, орус адабиятынын өкүлдөрүн камтыган үч секция жана 20га жакын чыгармачыл ийримдер иштеген. 1932-жылдын 16-июлундагы ВКП(б)нын чечиминде пролетарлар жазуучуларынын Кыргыз ассоциациясын (КырАП) Кыргыз жазуучулар уюмуна айлантуу тууралуу айтылган. Анын курамына проза, поэзия, драматургия, балдар адабияты, аскердик көркөм адабият, көркөм котормо, орус жазуучуларынын секциясы түзүлгөн жана алгач ирет кыргыз жазуучуларынын биринчи конференциясы чакырылып, Кыргызстан жазуучуларынын уюштуруу комитети түзүлгөн.
Кыргыз Советтик энциклопедиясындагы берилген маалымат боюнча “Кызыл учкун” ийриминин активдүү мүчөлөрү, кыргыздын келечектеги барандуу инсандары: М.Элебаев, К.Баялинов, К.Жантөшев, Ж.Бөкөнбаев, К.Маликов, Ж.Турусбеков, М.Токтобаев, У.Абдукаимов, Ж.Жамгырчиев, М.Абдукаримов, Т.Саманчин, А.Осмонов, Т.Үмөталиев, Т.Сыдыкбеков, Ө.Жакишев, А.Убукеев, М.Дөгдүрөв, С.Сасыкбаев, Р.Шүкүрбеков ж.б. КырАПтын да, Кыргыз жазуучулар союзунун да негизин түзүшкөн (КСЭ, Ф., 1983-ж., 470-571-б.б.).
1934-жылынын августунда Москва шаарында СССР Жазуучулар союзунун биринчи съезди чакырылган. Ага Кыргызстандан А.Токомбаев, Ж.Турусбеков, М.Элебаев, К.Маликов, К.Баялиновдор катышышкан. Ошол съездден соң Кыргыз жазуучуларынын тунгуч съездин чакыруу идеясы көтөрүлүп, 1936-жылдын 22-26-апрель күндөрү көптөн күткөн тунгуч съезд болуп өткөн. Съездге Кыргызстан Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы А.Орозбековдон, Кыргызстан обулустук кемитетинин катчысы Макаровдон, Ленинград жазуучулар уюмунун уюштуруу комитетинен, Казакстандын жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин төрагасы Жансүгүровдон жана Башкырстандын жазуучулар союзунан Таировдон куттуктоолор келген (куттуктоолордун тексттери “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 22-апрелдеги санына жарыяланган, 1934-ж., №93).
Съездде өкмөт адамдарынан Б.Исакеевден тартып, партиялык автивдер, дээрлик баардык жазуучулар, адабиятчылар, сынчылар беш күн бою адабиятыбыздын абалы, проблемалары жана келечеги туурасында чыгып сүйлөшкөн. Уюштуруу комитетинин төрагасы А.Токомбаев “Формасы улуттук, мазмуну социалисттик адабиятыбыз” темасынын алкагында “Октябрга чейин кыргыз адабияты болгонбу?”, “Революциянын биринчи жылдарындагы адабият”, “Кеңеш адабиятынын жеңиши”, “Улуттардын чек арасын бөлүү жана биздин адабият”, “Жер суу төңкөрүшү жана адабияттагы агымдар” деген подтемаларга бөлүнгөн кенен жана узак докладын жасаган. А.Токомбаев докладында кыргыз адабиятына ошол мезгилдин саясый капсалаңдуу абалынын фонунда бир тараптуу баа берүү менен, бир катар сын маанайында сүйлөгөн жана “байчыл” элементтерден арылган, “туранчылыктан”, пантүркстик жана панисламчыл” идеялардан арылган, “жаңы”, “таза”, “пролетардык” адабияттын башталыш мезгили катары белгилеген (Балким, “Кыргыз адабияты Октябрь революциясынан кийин пайда болду” деген миф ушундан улам айтылып калгандыр?).
Съезддин жыйынтыгында А.Токомбаев төрага болуп бекитилип, 36 жазуучу мүчөлүккө расмий кабыл алынган.
Макаламдын соңунда төмөндөгү ойлорумду баса белгилей кетким келет: Кыргыз жазуучулар уюмунун негизин түзгөн “Кызыл учкун” адабий ийриминин түзүлгөн жылы жана күнү ушул күндө так эмес экендиги, ал ар түрдүү адабияттарды ар башкача айтылып-жазылып келгендиги. Атап айтканда, эң орчундуу, эң маанилүү деген маалымат жыйындысы жана булагы болгон “Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын энциклопедиясында (Ф., 1983-ж.) “Кызыл учкун” адабий ийриминин уюштурулган жылы 1927-жыл” деп кашкайта жазылып турса, профессор “К.Артыкбаевдин “Жыйырманчы кылымдагы Кыргыз адабиятынын тарыхы” аттуу көлмөмдүү эмгегинде да (Б., 2004-ж., 44-бет) “Кызыл учкун” адабий ийрими 1927-жылы уюшулгандыгы” туурасында бадырая жазылып турат.
Ушул эле маселе туурасында филология илимдеринин кандадаты Н.Турдубаева “ФБдагы өздүк баракчасына” чыгарган “Жаш толкундар” адабий –чыгармачылык ийрим – кылым тарыхында” аттуу көлөмдүү макаласында А.Токомбаевдин “Кызыл учкундун төрөлүшү” аттуу макаласы тууралуу кеп кылып келип, (А.Токомбаев, 1957-ж. 27-октябрь, ушул эле макаласын 1967-жылы кайрадан өзгөрүүсүз жарыялаган экен) анда аталган ийримдин 1927-жылдын 5-ноябрь күнү уюшулгандыгы, А.Токомбаевдин ийримдин жетекчиси болуу шыбагасы ага тийгени тууралуу айтылганын белгилеген. Ошондой эле, А.Токомбаев дагы бир макаласында “Ийримдин төрөлгөн күнү 1927-жылдын январь айы” деп, өз оюна карама-каршы далилди келтиргени Н.Турдубаеванын макаласында турат. Бул “далилдер” туурасында жазуучу, изилдөөчү С.Станалиев менен КУУнун окутуучусу Б.Баймырзаевдин пикирлерин каршы келтирүү менен А.Токомбаевдин аталган макаласындагы маалыматтар дагы, КСЭдеги маалыматтар дагы чындыкка туура келбестиги айтылган. Андай болсо, бир пикирге келели, “Кызыл учкун” ийриминин “төрөлгөн” датасы – А.Токтомбаевдин бири-бирине карама-каршы жана далилсиз маалыматы боюнча 1927-жылдын 5-ноябрь күнүбү, же тилчи-окумуштуу З.Бектенов менен А.Карасаева белгилегендей, 1928-жылдын 29-март күнүбү? (Бул жерде 1928-жылдын 29-мартындагы ийримдин алгачкы жыйынына катышкан А.Карасаеванын пикири да өтө далилдүү экендигин эске алалы). Анүстүнө А.Токомбаев “Кызыл учкун” ийриминин жетекчиси болгон деген маалымат дагы профессор К.Артыкбаевдин жогоруда аталган “тарыхындагы” А.Токомбаевге арналган бөлүмдө (аталган китеп, 330-349-б.б.) жок экен.
Жакынкы күндөрдөн бери, т.а., доцент Н.Турдубаеванын жогоруда аталган макаласын окугандан кийин ушул маселеге кызыгып, ары-бери далбас урсам да, улуттук архивден да, улуттук китеп палатасынан да “Кызыл учкун” ийримине байланышкан эч кандай маалымат таба албадым. Андан соң КСЭдеги, ошондой эле жогоруда белгиленген А.Токомбаевдин макаласы менен К.Артыкбаевдин китебиндеги маалыматтарды тактоо үчүн 1927-жылдагы “Эркин тоо” (араб арибиндеги) гезитин түрө барактап, эч кандай маалымат таппадым. Менин оюм боюнча, эгер аталган уюм 1927-жылы уюшулган болсо, анда бул маанилүү окуя туурасында гезиттин кайсы бир номериндеги беттеринде алакандай бир маалымат берилери бышык эле.
Андан кийин З.Бектенов менен А.Карасаеванын эскерүү китептеринен тапкан маалыматтарды тактоо үчүн “Кызыл Кыргызстан” гезитинин 1928-жылдагы март айынын сандарын издедим (гезит латын арибинде чыккан). Тилекке каршы, улуттук китепкананын сейрек адабияттары бөлүмүндө аталган гезиттин 1928-жылдагы январь жана июнь-декабрь айларынын сандары гана бар экен, бизге керектүү март-май айынын сандары тиркөөдөн табылбады. Мындай тарыхый баалуу материалдарыбыздын жоголуп кетиши, албетте, өтө өкүнүчтүү. (Балким, “Кызыл Кыргызстан” гезитинин биз издеген сандары Ташкент менен Алматынын архивдеринде бар болуу керек...).
Корутунду катары айткарым: биз бүгүнкү күнгө чейин айтып келген “улуттук адабиятыбыздын тарыхындагы орчундуу дата – кыргыз жазуучулар уюмунун негизи болгон, буга чейин айтып-жазып жана окуп-үйрөнүп келаткан “1927-жыл” деген дата жалган экен да? Ошол калпыс маалымат бүгүн анча изилденип, такталбай эле, китептен китепке көчүрүлүп, университеттерибизде дарстар окулуп, далай диссертациялар жазылып келаткан тура. Балким, КСЭнин биз таянган басылмасы менен профессор К.Артыкбаевдин аталган “тарыхы” А.Токомбевдин 1957-жылдагы макаласына таянылып жазылгандыр? Ошентсе да, жеке пикиримде, тиги-бу инсандын берген маалыматынын так эместиги же аны бурмалоосу катары эмес, улуттук адабиятыбыздын тарыхы үчүн жана улуттук жазуучулар уюмунун түзүлгөн алгачкы күнүн келечек үчүн тактап койгонубуз оң.
Натыйжада, улуттук адабиятыбыздын күнүн улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун туулган күнүнө (12-декабрь) “жабыштырбай!”, жылдын 29-март күнүнө которуубуз логикалуу болорун белгилегим келет.
Сулайман Рысбаев, профессор