Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бекназар ТУРДАКУНОВ, жарандык активист: “Канчалаган наристелер өлүкканада калып, ата-энелер боздогон учурларга дуушар болдук”

Бекназар ТУРДАКУНОВ, жарандык активист: “Канчалаган наристелер өлүкканада калып, ата-энелер боздогон учурларга дуушар болдук”

14-декабрь, 15:43
613 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

29 жаштагы Бекназар Турдакунов Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган. Учурда Россиянын Москва шаарында эмгектенет. ОшМУнун экономика факультетин сырттан окуп бүтүргөн. Бекназар “көз жаштарга ишенбеген Москва” шаарында Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын кайрымдуулук фондунун Москвадагы бөлүгү менен иштешип жүрүп, биздин мекендештердин түрдүү тагдырларына күбө болгон. Айрыкча бөтөн шаарда чарчап калып, сөөктөрү бөтөн калаада калган наристелерге жүрөгү ооруйт. 

-- Өзүң тууралуу кененирээк айта кетсең, качан Орусияга кеттиң эле? Кандай иштер менен алектенесиң?

-- Москва шаарына 2008-жылы келгем. Ошондон бери ал жакта эмгектенем. Мен 5-класста окуп жүргөндө атам жол кырсыгынан каза болуп калды. Апам, эки карындашым болуп калдык. Эки карындашымды окутуп, апама жардам берүү максатында мектепти бүткөндөн кийин эле Москвага иштегени келдим. Бул жактан үй-бүлө куруп, бир уулдун атасы болдум.  
 Мындан беш жыл мурун шарият жаатында билим алган ага-инилер менен бирге кайрымдуулук фонд түздүк. Ошондо “Жүк—200” тууралуу угуп, кыйынчылыкка кабылган мекендештерге жардам көрсөтүп баштадык.

-- Кандай тагдырларга күбө болдуң?

-- Ак менен кара, ай менен күн эриш аркак жүргөндөй, жашоо дайыма таттуу болбойт. Оор тагдырларга, кундөргө дуушар болгон мекендештер дагы көп. Ар кандай кырсыкка кабылып калгандар, ооругандар, жакындарын жоготуп, карайлап калган учурлар көп болот. Ошондой учурларда бизге кайрылганда колдон келген жардамыбызды аябайбыз. 

Мисалы, акчасы жок кете албай калгандарга, паспортун жоготуп алгандарга, кырсыкка кабылгандарга жардам бердик. Учурда ар бирибиз өз алдынча жардам берүүнү улантып жатабыз. Ар кандай тагдырлар менен кайрылышкан учурлар көп болот. Адамдар кайсы ооруканада каза болсо, ошол ооруканада аза кызматтары аткарылат. Бирок, алар сумманы жогору айтышат. Биз болсо колдон келген жардамыбызды берип, арзан жөнөткөнгө аракет кылабыз. Документтерине чуркап,  жардам беребиз. Мен да колдон келген жардамымды берип келем. Канчалаган “Жүк--200дү” мекенге жөнөттүк. Москвада мекендештер каза болгондо жакындары сөөктү кантип алып кетүү керектигин билишпейт. “Жүк—200” тууралуу билгендер бизден жардам сурашат. Мындан улам биз айына бир, кээде 5-6 сөөктү жөнөтүүгө жардам беребиз. Кээде бир күндө эки сөөктү жиберебиз. Мындан тышкары, наристелер да чарчап калган учурлар болот. Алар мекенге жиберилбейт.

-- Наристелер да көбүрөөк өлүмгө учурап, жан кейиткен учурлар көп болорун угуп калабыз...

-- Азыркы убакта наристелер көбүрөөк чарчап калып жатат. Канчалаган наристелер өлүкканада калып, ата-энеси буркурап-боздогон учурларга дуушар болдук. Кудайым сактап, ар бир ата-эне наристесинен айрылбасын. Айрыкча бөтөн жерде өтө эле аянычтуу. Көп учурда наристелердин сөөгү “Жүк--200” болуп жөнөтүлбөй, бул жердеги татарлардын мүрзөсүнө сүйлөшүп, ошол жерге койгон учурлар болот. Мына, эки-үч күндөн бери эле бир наристенин сөөгүн моргдон чыгарсак, дагы бири моргдо жатат. 

-- Наристенин өрттөлгөн сөөгү тууралуу ой бөлүшүпсүң?

-- Эки жума мурун жанды кейиткен, жүрөктү ооруткан окуя болду. Бир эже жардам сурап кайрылды. Курсагындагы 6 айлык баласы чарчап калган экен. Ымыркайды кайсы жакка жана кантип жерге берүү керектигин түшүндүрдүм. Мусулмандардын көрүстөнүнөн жер алуу акысы 15 миң сом болду. Эже боюнан түшкөндөн кийин дарыланып жаткан экен. Анан ымыркайдын сөөгүн алуу үчүн өлүк сактоочу жайга барсак, аны мешке салып өрттөп салышыптыр. Көрсө, боюнда бар кезде чарчап калган ымыркайларды өрттөп жиберишерин билдик.  Башка ымыркайлар менен чогуу өрттөлгөндүктөн, күлдөрү да аралашып калган экен. Өлүк сактоочу жайдагы кызматкерлер эскертүү беришпей өрттөшүптүр. 5-6 айлык ымыркай аялдын боюнан түшүп калганда эч ким издеп келбестигин айтышты. Чарчап калса да, ымыркай болсо да, өз жайына коюу, өз ордуна коюу каниет экен. Бөтөн жерде минтип ымыркайларынын күлүн да көрбөй калган аянычтуу учурлар бар... 


Жамиля НУРМАНБЕТОВА 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер