Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат Чакиев: “Өкмөт туризмди ойлоп да койгон жок”

Максат Чакиев: “Өкмөт туризмди ойлоп да койгон жок”

27-июнь, 19:28
790 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиевдин өзгөчө кырдаалдагы туризмдин абалы боюнча пикирин уктук. 

-- Быйыл туризмдин абалы кандай болот? Шартка жараша ички туризмге басым жасоо керектиги айтылууда... 

-- Туризм боюнча прогноз жакшы деп айта албайм. Чек аралар жабык, июль айында ачылат деп айтылып жатат, бирок бул дагы күмөн. Биздин туристтик  операторлор путевкаларды апрель-марттан баштап эле Россиянын, Казакстандын ири компанияларына дүңүнөн сатышчу. Бу саам жолдомолор сатылбай калды. Ал эми июлда посттор ачылбай калса, абал мындан да жаман болот. Ачылса деле менин баамымда, Алматы менен Россиянын туруктуу туристтеринин саны жылдагыдан дээрлик 50%га чейин аз болот. Ички туризмден үмүт кылбай эле койгон туура. Россия сыяктуу 150 миллион калкыбыз болсо, анда булардын эки-үч  пайызы ички туризмге чыкмак. Биздин алты миллион калкыбыздын бир миллиону сыртта жүргөндүктөн, беш миллиондон үмүт кылуу жыйынтык алып келбейт. Анүстүнө биздин жарандар көнүп калгандай, арзан тейлөөнү тандашат. Бул болсо ИДПга чоң салым кошо албайт. Башка туризм тармагы да жапа чегип, көрсөткүч дээрлик “нөл” болот. Анткени, тоо, эко жана этнотуризмге чет өлкөлүктөр, тагыраагы, Америка, Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келчү. 

-- Өкмөт туризмди кризистен чыгарууга багытталган сунуштарды айта алдыбы?  

-- Өкмөттүн туризмге багытталган антикризистик программасын көргөн жокмун. Мисалы, Өзбекстан туризмди сактап калууга кадамдарды жасап жатышат. Кошуна мамлекетке келген туристтер коронавируска чалдыгып калса, Өзбекстан 3000 АКШ долларын төлөп берүүнү убадалады. Түркия болсо илдетти жугузуп алган учурлар катталса, дарылануусун толугу менен колго алууну жана авиабилеттин кайсы бир пайызын төлөп берерин айтып, стратегиялык паландарын жарыялады. Мындай жеңилдиктер туристтерди тартат. Бирок, жайдын биринчи айы бүтөйүн деп калганына карабастан, биздин өкмөттүн аракетин байкай элекмин. 

-- Анда туризм департаменти эмне менен алек болуп жатат?

-- Туризм менен алектенген үч чоң структура бар: министрлик, департамент жана “Кыргызтуризм” мамлекеттик ишканасы. Булардын биринен да идея же чечимдерди уккан да, көргөн да жокмун. Алар Кыргызстанга келген конокторго көрсөтүлчү жеңилдиктердин тизмесин, бекер дарылоо, путевкалардын акчасын кайрып берүү сыяктуу жеңилдиктерди жарыялашы керек эле. Бирок, балыктай болуп унчукпай отурушат. 

-- Коомчулукта “Кыргызтуризм” департаменти керекпи?” деген маселе көтөрүлүп жүрбөйбү?..

-- Мен башынан эле “мамлекеттик ишкана керек” деп айтып келем. Департаменттин негизги максаты – иштен чыгып калган музей, урайын деп калган эски эс алуу жайларын калыбына келтирүү, инвестиция тартуу болуп эсептелет.  Алар жуунуучу жай, даараткана салып, өздөрүнүн кабинеттерин кооздогондон башка жумуш кылган жок.  


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер