Умугүлсүн КААРОВА АЗИЗ кызы: “Ийнесиз эле ДЦП, инсульт, муун оорулары бизден айыгып кетет”
Умугүлсүн карындашым Кыргызстан элдик дарыгерлер коомунун жана Казакстан элдик дарыгерлер коомунун ардактуу мүчөсү, Казакстан элдик дарыгерлер конгрессинин магистранты, “Актилек-Нур” медициналык кайрымдуулук коомдук фонддун төрайымы. Өткөндө бу киши менен Ош шаарына барганда тар чөйрөдө жолугуп калдык. Элдик дарыгер айым мындан 20 жыл мурун медицина алы келбеген оору-илдетке кабылган бейтаптарды алакандын күчтүү энергиясы аркылуу дарылай баштаганын айта отурду. Жыйынтыгы да үзүрлүү болгонун нечен шыпаа тапкандар айтып жүрүшкөнүн мурунтан уккан элем. Алардын саны өтө эле арбын.
-- Умугүлсүн айым, учурда түштүк жергеси, анын ичинде Ош шаарынын тургундары арасында сизге кайсы илдеттен жабыркаган бейтаптар кайрылууда?
-- Инсульт, муун оорулары жана ДЦП менен жабыркагандар көп кайрылууда. Мындай кайрылуулардын саны абдан көбөйдү. Ушул жаатта өзүм да адистешип бараткансыйм...
-- Кандай жол менен шыпаа көргөзүп атасыз?
-- Жолдору көп, бейтаптын илдет стадиясына жараша. Башталгыч стадиясындагыларга ата-бабалар колдонуп келген алакандын энергиясы аркылуу шыпаа кылам. Мындай ыкма көп функционалдуу болгондуктан, баардык денеге оң гана таасирин тийгизет. Жабыркаган жерлер ойгонот, чачтын учунан тырмактын учуна чейин кан чуркай баштайт. Катып калган жерлер жибийт. Бейтаптын абалы бир жумага жетпей калыбына келүү жолуна түшөт. Өзгөчө жаш балдарга болгон таасири батыраак. Булар колдун энергиясын бат кабыл алат. Жана мен айтып кеттим ДЦП (детский церебральный паралич) деп, мындай балдарга дарылоо курсу үч айдан жарым жылга чейин созулат. Буту баспай, башын көтөрө албай, сүйлөө жагы жокко эсе болуп калгандарын айтып атам. Доктурлар ДЦПны “тубаса оору” деп, дарылаганга мүмкүн эмес экенин айтышат. Мен анысына карабайм. Бизге Адилет деген бир жарым жаштагы баланы ДЦП диагнозу менен апасы апкелген. Мына, үчүнчү айга кетти, жылыш абдан сонун. Келгенде башы аябай чоң болчу. Мойну токточу эмес. Бутунда кыймыл жок, отура да алчу эмес. Үч айдын ичинде башы калыбына келе баштады. “Адилет” десең реакция берип, күлөт, айткан сөздөрдү түшүнүп атат. ДЦПдан бутуна туруп басып кетип аткандар жок эмес. Сүйлөбөй келгендер сүйлөп кетишет. Ал эми инсульт алгандардыкы да өз стадиясына жараша болот. Көбүнчөсү медицина жардам бербей же азыраак гана жылыш болгондор мага кайрылышат. Алгач алакандын энергиясы, биоток менен бир жума укалайм. Андан кийин ушул жаатта атайын чет мамлекеттен буюртма менен алган аппаратка салам. Атайын дарылоочу аппарат. Мунун да бейтаптарга терс таасири жок. Пайдасынан бөлөк зыяны жок дегеним.
-- Медицинада бейтапка ийне саят, такай укол алып туруусу керек. А сизчи?
-- Бизде ийненин “И” тамгасы жок. Ийнени ушул кезге чейин жолоткон эмесмин, жолобойт дагы.
-- Мен билгенден бейтаптын тамырын кармап диагноз койчу элеңиз...
-- Ооба, азыр деле ошондой. Биринчи жолу келген бейтапты сурабастан эле тамырын кармап диагноз коём. Туура чыгат. Кээ бир бейтаптар диагнозун айтсам таңгалышат, “кантип билип койдуң?” дешип.
-- Алыс жактан келгендер кандай шартта көрүнүшөт?
-- Алар үчүн бизде жатып дарылануу шарты каралган. Кадимки ооруканадагыдай. Ар бирине өзүнчө режим бекитилет. Тамак-ашын да биз даярдап беребиз. Бутунан туруп, жакшы болуп кеткиче бизде болот.
-- Кызмат акыңыз кандай?
-- Дарылануу жагына “сиз мынча бериңиз” деп айтылбайт. Болгону жүрөгүнөн чыкканын беришсе, мен ошого макулмун. “Алла ыраазы болсун” дейм.
-- “Аппарат” деп кеттиңиз, ал эмне аппарат?
-- 2016-жылы Кытайга барып, атайын элдик дарыгерлер курсу, Кытай элдик медицина жаатында билимимди кеңейтип, окуп келгем. Ошондо ДЦПга, инфаркт, инсульт ооруларына шыпаасы тийе турган аппаратты ошол жерден натыйжасын да өз көзүм менен көрүп, буюртма кылып ала келгем.
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ, «Азия Ньюс» гезити