Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Боюма бүтүп калганын жигитиме сүйүнчүлөп, муздак суу чачкандай жооп алдым...

Боюма бүтүп калганын жигитиме сүйүнчүлөп, муздак суу чачкандай жооп алдым...

14-январь, 15:46
1 783 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сага жолуккандан бери экөөбүз бир нече жолу бирге таң атырдык... 

Акыркы күндөрү эч нерсеге көңүлүм чаппай, ар кимге кыжырлануу сезимим күч ала баштады. Тамактын жыты да жүрөгүмдү айныта баштаганда “кош бойлуу болуп калган жокмунбу?” деген ой тынчтык бербей, дарыгерден кароодон өтүп, “төрт жума болуптур, кош бойлуусуң” деген кабарды эшиттим. 

Кубанычымда чек жок. Жигитимди сагынып, куса болуп жүргөндө, кыялымда аны менен “бактылуу үй-бүлө болобуз” деген мен байкуш жакшы жаңылыгымды Айдарга угузууга шаштым. 

Бирок, баары мен ойлогондой болбоду. Айдар бул жаңылыгымды угуп эле дароо эч нерсе болбогондой “чоңоё электе дароо алдыртып сал” деп өктөм сүйлөдү. Бүткөн боюм калчылдап чыкты. Муздак суу чачкандай...

-- Айдар бул эмне дегениң? - оозума ушул сөз биринчи келиптир. Көзүмдөн жаштар “мөлт-мөлт” дей түштү. 

-- Кыздарга таңгалам. Эртерээк ойлонбойсуңар да, анан мени күнөөкөр кылып чыга каласыңар, - деди. 

-- Экөөбүздүн сезимдерибизчи? Сүйүүбүзчү?

-- Кайдагы сезим? Кайдагы сүйүү? Сен биринчиси да, акыркысы да эмессиң. Сага окшогон кыздардын канчасы тажатып аркаман чуркап жүрөт. Сен өзүңдү периште сездиңби?! - бул сөздөрү аркылуу Айдардын чыныгы жүзү көрүнүп турду. 

Анын акылдуусунган, ыймандуусунган сөздөрү кайда? Артымдан чуркап, “сүйөм деген сөздөрү кайда? Адамдар неге мындай эки жүздүү, алдамчы, жүзүкара? Суроо артынан суроолор... Не кылам?..


Гүлжан Алимова

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер