Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 2021-жылдын негизги түсү кандай болот?

2021-жылдын негизги түсү кандай болот?

14-декабрь, 09:20
1 552 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

2021-жылдын негизги түсү “Y354 Cumulus” деп аталды – тынч жана ачык келечекке ишеним сезимин берген ачык көк түс. Бул тууралуу “Лента.ру” маалымат булагы “Tikkurila” компаниясынын пресс-релизине шилтеме берүү менен жазат.

Түстүн аталышы кумулус булуттары деп которулат. Жаратылыштагы кумулус булуттары жылуу, ачык-айкын аба ырайын билдирип тургандыктан, Y354 Кумулус энергияга толуп, жаңы жетишкендиктерге күч берет. Эксперттер кайра жүктөөнү жана калыбына келтирүү келерки жылдын башкы темасы деп аташты.

Бул түстөрдүн тенденциясын аныктоо боюнча долбоор 2016-жылдан бери өткөрүлүп келет. Ал эми Голландиялык “Dulux” боёк бренди келерки жылдын түсү катары топурактуу беж түсү “Brave Ground” (“түшүмдүү топурак”) тандады.

“Түс – адамдарга эс алып, кубат ала турган мейкиндиктерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет, айрыкча коронавирус пандемиясы учурунда” дейт аталган компания.


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер