Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашык акча которулган

Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашык акча которулган

11-июль, 16:30
846 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Быйылкы жылдын башындагы беш айда Кыргызстанга 1 миллиард 30,3 миллион доллар которулган. Мындай маалыматтарды статистика боюнча улуттук комитеттен билдирди. Кеп жеке тараптардын акча которуу система аркылуу жөнөткөн каражаты жаатында болууда. 

Россиядан 984 миллион доллар келип түшкөн. Эгерде аны 2005-жылдан берки ар бир жылдагы январь-май айларына салыштырсак, азыркы көрсөткүч рекорддук болуп чыга келет.

Ар кыл жылдардын алгачкы беш ай ичиндеги которулган акчалары боюнча маалымат (900 миллион доллардан ашык сумма түшкөн мезгилдер көрсөтүлдү):

2022-ж. — 1,03 миллиард;

2021-ж. — 986,3 миллион;

2019-ж. — 934,8 миллион;

2018-ж. — 972,3 миллион доллар.

Быйылкы жылдын апрели менен майында келген каражаттын агымы бир айга 250 миллион доллардан болгон. Бул рекорд жаратпаса да жогорку деп эсептелген көрсөткүч. Салыштыруу үчүн алсак, мартта 150 миллион доллар түшкөн.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер