Кыргыз бийлиги Касым-Жомарт Токаевге негиздүү жооп жасашы керек
Жыл өткөн сайын суу көйгөйү курчуй берет. Мөңгүлөрдүн азайышы, климаттын өзгөрүүсү буга себепчи. Серепчилердин баамында, кийинки жылдары да суу тартыштыгы өлкөбүздө орун алары болжонууда. Эми бул табигаттын жазылбаган мыйзамы экен. Өкмөт келаткан жылдагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун быйыл издебесе, чын эле жалпы элибизге кедергиси тийет. Азырынча алгылыктуу идея, жарытылуу ишти байкаган жокпуз. Өзүбүзгө суу жетпей атса, бир жагынан казак бийлиги да үстөмдүгүн көрсөтүп, чек араны жаба салышып, ар кандай шылтоолор менен кысым жасоонун кыныгын алып алышты. Президент Касым-Жомарт Токаевде суу кризиси боюнча толук кандуу маалыматы бар. Кыргызстандагы суу сактагычтардын какшып калганы белгилүү. Бирок кылдан кыйкым издөө менен аркасын салып, орой кадамдарга барууда. Мындай шартта кыргыз бийлиги да негиздүү жооп жасашы керек. Бай үй-бүлө кедей коңшусун кордогондой болуп аткан жокпу?.. Эмесе, кийинки жылы сугат башталганда “эсептешүүгө” эркибиз жетеби?
"Азия Ньюс" гезити