Кубанычбек Самаков менен Элдар Сулайманов бийликке көлөкө түшүрүүдө
Бийлик коррупцияга каршы катуу күрөш жарыялаганын байма-бай айтып келет. Натыйжада, үмүт жаралууда. Бирок, бул багыттагы иш калыстыкта жүрбөй келатканы да коомчулукта ачык сынга алынууда. Маселен, коррупцияга айыпталган Карганбек Самаков менен Нурлан Сулаймановду алалы. Кечээ эле бири камалып, экинчиси чет өлкөгө безе качкан эмеспи. Ал күндөр унутулбайт да. Эми экөөнүн балдары Кубанычбек Самаков менен Элдар Сулайманов “Адилет” партиясын ачышып, жаштарды Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна “агытып” жиберишиптир. Убагында коррупциялык иштерден чогулган каражаттарды саясый окуяларга пайдаланып жатышабы? Коомчулукка баары маалым го. “Шибегени капка ката албайсың” дейт. Акчага таянышып, өздөрүнүн мандаттарына алымсынышпай, команда үчүн иштеп калышканбы? Азырынча бийликтин атын жамынышкан эркеталдаңдар катары бааланып атса, түпкүлүгүнөн алганда, кедерин тийгизишип, көлөкө түшүрүшпөйбү? Тилекке каршы, тескери реакция берүүдө. Резиденциядан “кой-ай” деп койчу билерман чыгабы?
"Азия Ньюс" гезити