Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Элвира Сурабалдиева интрига кылат, азыркы кызматына тажрыйбасы жетпейт”

“Элвира Сурабалдиева интрига кылат, азыркы кызматына тажрыйбасы жетпейт”

09-ноябрь, 01:09
919 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Базардан саясатка келген Элвира Сурабалдиева чуулгандуу депутат болуп жүрдү. Эми вице-премьер-министр катары иштей алабы?” деген собол таштадык.  

Урмат Акунов, жарандык активист:

-- Элвира Сурабалдиева иштей албайт. Болгону Өмүрбек Текебаевдин соодалашуусунун аркасынан келип калды. Садыр Жапаров кадр тандоодо чоң жаңылыштык кетирди. Эртеңкисинде бул адам Садырга өбөк да, жөлөк да боло албайт. Ошондо чыканагын тиштечү убак келип, аябай өкүнөт. Азыр экономикабыз мышык ыйлаган абалда: шайлоо турат, бир жагынан пандемия күч алууда. Мунун баарын Элвира эч кандай алдыга жылдыра албайт жана буга тажрыйбасы жетпейт. Бул айым интрига менен алпурушуп жүрүп өмүрү өтүп кетерине шек жаратпай калды. Буга кошул-ташыл учурда түзүлүп аткан өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк курам элге жаккан жок. Президенттин милдетин аткаруучу кадр тандоодо көптөгөн мүчүлүштүктөрдү кетирүүдө. Минтип отурсак, жакында таяктын бир учу өзүнө, бир учу элге тийет. 

Надира Нарматова, коомдук ишмер:

-- Өкмөттүн соцтармагына кураторлук кылуучу премьер-министрдин орун басары болгон вице-премьерлик кызмат өтө жооптуу, көп кырдуу, көп тармактуу кызмат. Бул орунга тажрыйбалуу, илим-билимдүү, эл арасында кадыр-барктуу, салмактуу кадрлар келиши керек. Тилекке каршы, 2010-жылдан бери өкмөттүн курамындагы социалдык тармакты тейлөөчү вице-премьерлик кызматтын багы ачылбай койду. Партиялык тизме менен кокусунан ЖКга келип калган депутаттардан кутулуунун ыкмасы катары пайдаланып келе жатканы өтө өкүнүчтүү.

Өзгөчө бул тармакта бир саат иштебеген, соцтармак боюнча тажрыйбасы жок, тааныштыгы жок, керек болсо мамкызматта бир саат иштебеген кадрлар келип, жөн эле убакытты өткөрүштү. Он жылда сегиз вице-премьер алмашыптыр. Анан каяктан соцтармакта өнүгүү, реформа, натыйжа, жыйынтык болот? Болгондо да 90% кадрлар жөн эле “парашютчу” болуп барып калышты.

Мына, Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Аида Исмаилова 4-5 ай вице-премьер болуп иштеп, кайра шайлоого “Биримдик” партиясынан катышып келе калды. Анан эч нерсе болбогондой кайра кызматына барып отуруп алып, кайра эле социалдык өнүктүрүү министри болууну каалап чыга калды. Деңгээлин көрдүңөр. Министрликтин атын толук билбей “социалдык өндүрүү министрлиги” деп дөөдүрөп отурат. 

Ал эми Элвира Сурабалдиева бизнес тармагын (“акчаны кантип табыш керек?”, “ижараны кантип чогултуш керек?” ж.б.) жакшы билиши мүмкүн, бирок, "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегенди эстен чыгарбайлы.

Мамкызматта бир күн да иштебеген, базардан ижара чогулткандан башканы билбеген, соцтармактын биринде да тааныштыгы жок кадр кантип соцтармакта вице-премьер болуп иштейт? Мен ушуну түшүнбөй атам. Бул кызмат эптеп эле креслодо отуруу эмес, же Жогорку Кеңеште депутат болуп, микрофондон көрүнгөндүн айыбын чукуп, терс жактарды айтып, пиар жасай турган кызмат эмес. Ал айым депутат болуп жүргөндө ошентип эле күн өткөрдү. Жалаң жамандык издеп, караламай, чукумай, бирөөлөргө асылмай... 

Парламенттин шайлоо үгүтүндө бир ай эл кыдырышты, ынанымдуу бир программа айтышкан жок. Бийликти жамандап, төртөө бири-бирин мактады. Себеби, көөдөндө эч нерсе жок. 

Акүйдү басып алганга, өрттөгөнгө жаштарды баштап, башында турган Сурабалдиева мыйзам алдында жооп бергендин ордуна уялбай вице-премьер  болуп отурганы уят эле иш. Эгерде Кудай алдында, эл алдында жоопкерчилиги болсо, мандатын тапшырып, кресло талашпай, элден, ЖКдагы кесиптештеринен кечирим сурап, тынч эле кетип калып, базарын коргоп, ижарасын чогултуп отура бергени оң болчу. Азыркы кызматта иштей албайт, тек гана ойдон-кырдан сүйлөп жүрүп убакытты өткөрөт. Коронавирус боюнча штабды да ага берип коюшуптур, Кудай эле сактасын! 

Мени жөн эле каралап атат дебесин, жакындан тааныйм, жакшы билем. Аласа-бересем деле жок. Балким жакшы кыздыр, бирок, беш жылдан бери саясатта көрүп, байкап, күбө болуп келе жатабыз, элдин баары билип калды.

Эмне дейли, “бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз" дегендей, убакыт тараза. 

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

-- “Чуулгандуу” деген сөздү мен мындайча түшүндүрмө берип кетет элем. Аны ар бир депутатка тийешелүү нерсе катары айтса болот. Элге таанылган, билинген депутаттардын кандайдыр бир чуулуу маселеге аралашканына карап дегендей. Ошондуктан эң негизгиси, “эл менен иштей алабы?” деп маселени кабыргасынан койгон оң. Бул сферада буга чейин бир канча адис эмес эле адамдар иштеп кеткенин көрбөдүкпү. Бирок, Элвира Сурабалдиева берилген ишин, жоопкерчиликти жакшы эле түшүнүп, бул кызматты аркаласа керек. Ишеним бар. Себеби, алар деле түшүнүп атышат, убакыт кыска, каатчылык келатат, акча жок. Ошондуктан кимиси кайсы кызматта болбосун, ишти кыска мөөнөттө оңдоп кете тургандай болушу керек. А мындай учурда Элвира айымда чоң жоопкерчилик турат. Вице-премьерлик кызмат Жогорку Кеңеште депутат болуп отургандан он эсе түйшүктүү, он эсе жоопкерчиликтүү, он эсе татаал...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер