Акыркы кабарлар
22:58
» Жанирмем » Эмне кылам? Түрмөдөгү жигитимден кош бойлуумун...
Эмне кылам? Түрмөдөгү жигитимден кош бойлуумун...
29-март, 19:30

Жигитим менен Москвадан таанышканбыз. “Жакында үйлөнөбүз” деген жакшы тилек, максаттарыбыз бар эле. Ал болсо кокустан СИЗОго камалып калды. Жакында эле УЗИге барсам, эки айлык боюмда бар экенин билдим. Кантип туугандарымдын алдында бетимди жарык кылып төрөп алсам болот? Кеңешиңиздер аябай керек болуп жатат. Баса, жигитим үч жылга кесилип кетти. Ал “кыйналбасаң төрө” деп атат. Жигитимди жакшы көрөм. Андан балалуу болуу мен үчүн бакыт. Бирок ушундай оор сыноого кабылып калдым...
Айдай
"Азия Ньюс" гезити