Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Бизде туризм “нөл”, өкмөт бул жагынан кыймылдап да койгон жок!”

“Бизде туризм “нөл”, өкмөт бул жагынан кыймылдап да койгон жок!”

08-май, 23:34
558 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Туризмди өнүктүрүүдө өкмөт чабалдыгын көрсөтүп келет. Бул тармакты алдыга жылдыруу боюнча кандай идея, сунуштарыңыз бар?” деген суроону узатып көрдүк.

Ибадылла Аджибаев, режиссер:

-- Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн көп жолдору бар. Бирок, биздин өкмөт чабалдык кылып жатабы, же бул тармакта иштегилери келбейби, же иштин көзүн таппай жатышабы, айтор, бу жагы мага түшүнүксүз. Кечээ жакында эле Европадагы 7-8 өлкөдө болуп келдим. Ошол жерде туризмдин эмне экенин өз көзүм менен көрдүм. Ошол эле Япония мамлекетин алалы, сакурасы гүлдөгөн маалда болушунча жарнама кылып, чет элдик миллиондогон туристтерди өздөрүнө тартышат. Булар бир эле маалда ушундай кылышууда. Ал эми бизде баардык учурда туризмге тартсак болот. Алсак, Баткен өрүгү гүлдөгөн маалда Баткенге барышса, сакура бери жакта эле калат. Андан кийин апрель айында Айгүл гүлү гүлдөйт. Май айында Арсланбапка жаңгак токоюна келишсин. Ансыз деле кошуна Өзбекстандан келип атышат. Сары-Челекке келишсин... Бизде кооз жерлер көп. Ошол эле май айынын аягында, июнь айынын башында бээнин сүтүн ичкенге керемет жайлоолорго тартса болот. Биздин жайлоолорго туристтер келип, бозүйдүн ичинде конуп-түнөп эс алса эмнеге болбосун? Ат минип, жайлоо кыдырып, табыгий азыктар, анын ичинде кымыз, козунун эти, каймак, отко бышкан нан – булардын баары эмне деген керемет эс алуу! Июнь айынын орто ченинен баштап Ысык-Көлүбүз бар. Кайсы жерине барсаң да ысык кум, жылуу суу. Мындан сырткары, лыжа тебүүчү базалар... Деги койчу, жайы-кышы менен туризмди өнүктүрсөк болот. Эң болбоду дегенде чет элдик киноиндустрия менен келишим түзүп, биздин керемет жерлерде кино тартышса эле биздеги туризм жааты өнүкмөк.

Кубатбек Таабалдиев, археолог, тарых илимдеринин доктору:

-- Бул боюнча бизде сунуш абдан көп. Археологиялык эстеликтерди туристтик жайларга айлантуу боюнча пикирлерибиз бар. Атам замандагы чоң шаарлардын жанына, алыс кетпейли, Чүй боорундагы VIII кылымдан XIII кылымдарда өз доорун сүргөн Невакет шаары болгон. Азыркыга чейин археологиялык калдыктары арбын. Мына ошол жерге баардык шарты бар музей-комплексин куруп, уюштурса болот. Мындан башка мурун казылган жайлар бар. Алардын тегерек четин коргондоп, маалымат тактасын орнотуп, “мынчанчы кылымдан тигинченчи кылымга чейин ушундай шаар болгон. Алардын эли, жашоо шарты, үрп-адаты, турмушу, каада-салты” деп 4-5 тилде жазып койсо жана археологиялык казууда табылган табылгалар менен жабдыса, эмнеге чет элдик туристтер келбесин? Биздин Кыргызстандын аймагында андай жайлар толтура.

Асыкбек Оморов, “Санжыра” борборунун директору, маданиятка эмгек сиңирген ишмер:

-- Туризмдин борбору Ысык-Көл болуш керек. Эң ириде жолдорун талапка жооп бергендей абалга жеткизип, анан Балыкчы–Каракол түндүгү жана Каракол–Балыкчы түштүгү шакекче жол менен туристтерди ташый турган электробусту каттатуу зарыл. Мен бул боюнча долбоор түзүп, тийешелүү түрдө патент алдым. Мындан сырткары, Кыргызстандын баардык жерлери абдан кооз. Эч бир жерге теңебейбиз. Туристтер бара турган жерлерге эл аралык стандартка жооп берген жолдорду салуу абзел. Антпесе туристтер эшек минип барбайт да. Чанда-чандасы велосипед менен же жөө-жалаңдап кыйналып атышат. Туризм десе эле сүт сатып, самопал кымыз же курут деп түшүнбөш керек. Бизде учурда туризм жок, нөл! Көз майымды коротуп жасаган Ысык-Көлдү шакекче түрүндө электробус менен айланган даяр долбоорго өкмөт көңүл бурбай атат. Болбосо баары дапдаяр турат...


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер