Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ханыша Елизавета II менен коштошуу маалында күтүлбөгөн окуя болду

Ханыша Елизавета II менен коштошуу маалында күтүлбөгөн окуя болду

13-сентябрь, 12:40
21 032 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ, 12-сентябрь күнү Эдинбург шаарында (Шотландиянын борбору) Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II менен коштошуу маалында күтүлбөгөн окуя болду. Анда белгисиз жаран ханзаада Эндрюнун дарегине ыплас сөздөрдү айткан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат. Андагы маалыматка таяна турган болсок, ханыша Елизавета II'нин табытын көчөдөн көтөрүп бара жатканда белгисиз жаран табытты коштоп бара жаткан ханзаада Эндрюга "Оорулуу, чал!" деп кыйкырууга үлгүргөн. Полиция кызматкерлери аны дароо кармап кеткен. "Бул окуяга ханзаада Эндрюнун өспүрүм менен мамиледе болгон деп шектелгени себеп болушу мүмкүн. Эндрю бул чуулгандуу окуянын айынан падышалык ыйгарым укуктардан ажыратылган. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты учурунда аскер кийимин кийип жүрүүгө укугу жок болчу" деп айтылат маалыматта. 

Бүгүн, 13-сентябрда ханышанын сөөгүн Лондонго алып барышат, ал эми 19-сентябрда жерге берилет. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына падышалык үй-бүлө жана бир катар өлкөлөрдүн башчылары менен делегациялары катышат. Эскерте кетсек, ханыша Елизавета II 8-сентябрда 96 жашында каза болгон.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер