Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Абитов ИИМ орун басары болсо, Урмамбетов түйүнчөгүн түйөбү?

Генерал Абитов ИИМ орун басары болсо, Урмамбетов түйүнчөгүн түйөбү?

29-апрель, 22:45
4 936 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Суу деле бир жерге көпкө туруп калса, ал сазга айланып кетет эмеспи. Табигаттын мыйзамы ушундай. Анын сыңарындай, ИИМ орун басарлары төрт жылдай убакыттан бери отурушат. Арасында алгылыктуу жүрүш салганы, “аксаганы” да бар. Аралаш. Мындай шартта кан жаңыртып, күзгө карай кадрдык өзгөрүүлөр болорун эшиттик. 

Соңку убакта ИИМдин күзөт кызматынын начальниги Тариэль Абитовдун таскагы катуулап баратат. Системага реформа жасай баштады. Жаңычыл маанайда ой жүгүртүп, ырааттуу негизде алдыга жылууда. Жетекчилер арасында рейтинги да көтөрүлгөнү тегин жерден эместир. Бизге жеткен маалыматка караганда, генерал Тариэль Абитов ИИМ орун басарлыгына секирик жасай турганы айтылууда. Бул демилге максаттуу түрдө ишке ашары, бирок күзгө чейин убакыт керек экени кошумчаланды. Анда Октябрь Урмамбетов түйүнчөгүн түйүп, кетүүгө камына береби? Себеби, “эки көлдүк бир казанга кантип кайнайт”? Мындайча айтканда, ИИМ орун басарлары облустарга карата кадрдык талдоодо ылганып, аймактык балансты сактоо менен дайындалары белгилүү. Ошондо Урмамбетов эмитен эле “чийки май жегендей” абалда калчудайбы? Шилекейин жута албай...

“Кул жейм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту” дейт. Азырынча биз коңгуроо гана кагып турган кербезибиз. Ушундай. Алдыга карай ИИМде чоң өзгөрүүлөр күтүлүп аткан соң, бүйүр кызыткан көп жаңылыктардан эрикпейт окшойбуз. 


Баргы Кусейинов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер