Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анарбек Усупбаев: “Түнкүсүн үн күчөткүч менен азан айтканды токтотолу!”

Анарбек Усупбаев: “Түнкүсүн үн күчөткүч менен азан айтканды токтотолу!”

25-март, 17:51
4 741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

    Гезитбиздин өткөн санында экс-башкы теңирчи Анарбек Усупбаев менен “Айылдарды кыдырган дааватчыларды токтотуу зарыл!” аттуу тема алдында маек кылдык эле. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү андагы айтылган жүйөлүү ойлорун туура кабыл алып, окурмандар маекти улантууну сунуштап, бир нече суроолорун бизге жиберишкен. Биз Анарбек агага кайрадан байланышып, келген соболдорду узатып, жообун алдык.


-- Анарбек ага, сиздин оюңуз боюнча коронавирус деген илдет бизде кандайча пайда болду?

-- Коронавирус илдети биздин Кыргызстанга келгиче коомубуз тынч эле, өз жашообуз менен алпурушуп жашап жатканбыз. Сауд Арабиясынан кырктан ашуун адам илдетке кабылганына байланыштуу анын королу Меккени жаап салды. Муну туура кабыл алган мусулман өлкөлөрү, анын ичинде биздин коңшу мамлекеттердин дин башкаруу уюмдары элдерин кичи ажылыкка жибербей койбодубу! Ага болбой биздин өкмөтүбүз баш, калганы төш болуп, Максат ажы башында тургандар биздин момун мусулмандарды умрага жиберди. 

-- Себеби бар беле?

-- Бу жерде бизнес жатат сыңары. Барчулар кайсы бир суммада акчаларды төлөгөн. Ошол акчаны кайрадан бергилери келбей, жиберип ийип атышпайбы. Биздин дин башкармалыгы туура эмес кадамга барышкан, умрага жибербей, акчаларын кайтарып берүү керек эле. Булар түздөн-түз күнөөлүү, аларды жоопко тартыш керек. Муну президент өзү туура көрсө, сот жообуна тартуу маселесин карап чыксын. Канчалаган адамдын убалына калып отурушат! 

-- Азан айтуу боюнча да окурмандар сурашууда, омоктуу ойлоруңуз барбы?

-- Сахих аль-Бухари дегендин эмгектери бар. Ошол жерде намазга чакыруу маселеси айтылган. “Биз кайсы убакта канча маал намазга жыгылабыз? Ошону кантип билебиз?” дегенде Мухаммед пайгамбар бирөөгө (аты эсимен чыгып кетти) табыштап атып “сен үнүңдү бийик чыгарып, азан айтып турасың” дейт. Ал жерде үн күчөткүч рупор жөнүндө жазылган эмес. Момун мусулмандар ар кайсы жаңы технологияларга каршы чыгып, аларды ойлоп тапкандарды “динге ишенбеген каапырлар” дешкен. Ошол эле учурда өздөрү айтып аткан каапырлардын техникаларын колдонуп атышпайбы, “ширк” дешкен радио, телевизор, интернет, компьютер ж.б. техникаларды. Мейли, күндүз азан айтылып атканга каршылыгым жок, айта беришсин. Ал эми түндөсүчү? Элдин баары таттуу уйкуда жатса, жанагы үн күчөткүч менен каңкылдап азан айтып атат. Эл ансыз да коронавирус илдетинен чочулап аткан маал. Оорусунан үйдө жаткан адамдар, кары-картаңдар, жаш балдар бар. Ушуга өкмөт бир чара көрүп, азан айтканды токтотсун. Анчалык эле динге берилүүнүн кажети барбы? Сааттын будильнигин коюп кой, дааратыңды алып, намазыңды тынч окуй бер. Биз деле мусулман элбиз. Ата-бабаларга багыштап куран окуйбуз. Улуу муундагылар ханафи мазхабын туу тутуп келген. Эч ким “каапырларды өлтүргүлө” деп үндөгөн эмес. Мен муну туура көрбөйм. 

-- “Теңирчилер Кудайга ишенбеген эл” деп келишет, буга эмне дейсиз?

-- (Күлүп) Бул уят сөз. “Теңирчи” деген – кыргызчылык. Биз ислам дини келгенге чейин Жаратканды “Теңир” деп тааныганбыз. Тең салмактуулук. Ошол эле ысык-суук, ак-кара, узун-кыска, күн-түн, жаман-жакшы дегендей эле кеп. Ушундай тең салмактуулукту кармап турган улуу күчтү Теңир дешкен. 

-- Теңирчилер үчүн “Кудай” деген ким?

-- Ал сарттардын (илгери тажик, уйгурларды айткан. Түбү перстерден, а перстер арабдардан чыккан), перстердин “Худо – Жараткан бар” деген түшүнүгү. А эмне үчүн биз сарттардын, перстердин Кудайын (Худо дегенге тил келбей Кудай деп калган) айтышыбыз керек? Эмне үчүн биз арабдардын Аллахын айтышыбыз керек? Бул сөздөрдүн түпкүлүгүн, маани-маңызын билбей туруп айта берген туура эмес. Кыргыздардын жаратуучусу – Теңир. Манас бабабыз “Аткарбасам антымды, төшү түктүү жер урсун! Төбөсү бийик көк урсун! Көкө Теңир өзү урсун!” деп бекеринен айтпаган чыгар. Ушу заманда бирдемени айтаарда тактап, билип, маалымат жагынан толук камсыз болгондон кийин гана айтыш керек. Бирөөнүн тилине, динине, идеологиясына кирбей, өзүбүздүн туура жолдо жүргөнүбүз оң. Дагы бир жолу айтам, биз ханафи мазхабын кабыл алганбыз. 

-- Куранды кыргызча окуса болбойбу?

-- Чынында келечекте кыргызча окуш керек. Баарыбыз эле араб тилин биле бербейбиз, анын кереги барбы? Эч ким түшүнбөйт. Азыр кээ бир жерде куран окулуп бүткөндөн кийин батасы да арабча айтылып калыптыр. Бул да чектен чыккандык!       


Сурат Жылкычиев 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер