Акыркы кабарлар
» Саясат » “Буттары сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен”. Мирзиёевдин күйөө баласы Кореяга жеткирилди
“Буттары сынып, сөөктөрү майдаланып кеткен”. Мирзиёевдин күйөө баласы Кореяга жеткирилди
09-март, 12:55
1 832 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү күйөө баласы Отабек Умаров эки буту чорт сынып, дарылануу үчүн Түштүк Кореяга жеткирилди. Бул тууралуу “Озодлик” басылмасы жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” жазып чыкты.
Маалым болгондой, ага 4-мартта Өзбекстанда операция жасалган. Андан соң Умаров атайын медициналык учак менен чет өлкөгө жеткирилген.
Мамлекет башчынын 36 жаштагы күйөө баласы 13-февраль күнү кечинде Ташкенттин борборунда кырсыкка кабылган. Ал мотоциклди катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, башкарууга туруштук бере албай, автоунааны сүзүп, андан кийин жыгылып, бетон бордюрга урунган.
Умаров дароо Ташкенттеги №16 шаардык ооруканага жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, анын оң буту үч жерден сынган, катуу соккудан сол бутунун сөөктөрү майдаланып кеткен. Анын бутуна Илизаров аппараты орнотулган. Биринчи жардам көрсөтүлгөндөн кийин Умаров Түштүк Кореяга жеткирилип, ал жерде эки жума карантинде болгон.