Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чыныбай Турсунбеков: “Мен элге тынымсыз жардам көрсөтүп жатам”

Чыныбай Турсунбеков: “Мен элге тынымсыз жардам көрсөтүп жатам”

07-апрель, 17:10
3 162 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

--Чыныбай мырза, 2010-жыл, 7-апрель окуясы тууралуу эмне дейт элеңиз?

--Эч качан эл бекер толкубайт. Кан бекер төгүлбөйт да. Классикалык аныктама менен айтканда: «Бийликтегилер башкара албай, ылдыйдагылар чыдабай калганда» 7-апрелдеги окуя болгон. Мындай коогалаңды ошондогу бийликте отургандар болтурбай койгонго толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Тилекке каршы, бакиевчилер ал мүмкүнчлүктү колдорунан чыгарып жиберишкенден улам элдик ынкылап болуп кетти. 

--Ун комбинатыңызда канча ун калды?

--Запас буудай бар, жетиштүүА запас ун жок. Азыр Матрезервдин буудайын тегирменге салып баштадык. Муну жашырбай эле айтып койгонубуз оң. 

--Жеке өзүңүз колунда жокторго жардам бере алдыңызбы?

--Жардамыбыз – бул аягы көрүнбөгөн иш. Ар дайым жана тынымсыз. Азыр биринчиден фирмага минус болсо да компания ундун баасын кармап берип атат. Бир катар региондорго жол киресин компания өзүнө алып, Бишкектин баасы менен ун жеткирип берди. Бүгүн эле, 7-апрель күнү Нарын шаарындагы 150 колунда жок жана таажывируска каршы күрөшүп жаткан медкызматкерлердин, карантиндик постто тургандардын үй-бүлөлөрүнө ун-макарон жеткирилди. Нарын районундагы айыл өкмөттөр 36 айылдагы 700дөн ашык жакыр үй-бүлөлөрдүн тизмесин жиберишти. Аларга азыркы учурда жардам даярдалып жатат. Көлдөн да тизме келди. Бишкек жана Чүйдөн менин жеке өзүмө кат менен кайрылгандардын тизмеси турат. Постто тургандарга болушунча ысык тамак берилип жатат. Айрым коомдук уюмдар менен биргелешип иш-чаралар уюштурулууда ж.б. Жалпы жыйынтыгы коронавирус менен күрөш бүткөндө чыгарылат.


Сурат Жылкычиев 


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер