Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » 20 жаштагы кыз үчүнчү кабаттан кулап...

20 жаштагы кыз үчүнчү кабаттан кулап...

05-май, 12:05
677 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан 20 жаштагы кыз кулап кетти. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясынын маалымат кызматына шилтеме берип“Барометр” маалымдады.

Окуя 4-май күнү болжол менен саат 14:00дө Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон.

“Көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан белгисиз жагдайда 2001-жылы туулган А.М. терезеден кулап кеткен. Кыз Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды” деп айтылат маалыматта.

Бул факт Биринчи Май РИИБ тарабынан каттоого алынып, тергөө иштери башталганы кабарланды.

Бул тууралуу Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунан Barometr.kg сайтына кыздын буту сынып, жамбашынан жарака кеткенин кабарлады. Абалы туруктуу деп бааланууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер