» Саясат » Динара Кутманова шек жарата баштаганын “Азия Ньюс” гезити январь айында эле жазган
Динара Кутманова шек жарата баштаганын “Азия Ньюс” гезити январь айында эле жазган
28-июль, 09:00
268 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Ушундай. “Азия Ньюс” гезити Динара Кутманованын ишиндеги алешемдиктери, шек жаратканы боюнча январь айынын башында эле жазган. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги чөгүп баратканын, калп сөздөр көп айтылганын, миллиарддаган убадалар аткарылбай ара жолдо калганын эскерткенбиз. Жарым жыл мурунку коңгурообузду эч ким этибар алган эмес. Бирок мезгилдин өтүшү менен Динара Кутманова чындап коррупцияга малынганы, мамлекеттик кызматты үй-бүлөлүк, тааныш-билиштик ыкмалар менен майкандаганы ачыкка чыкты го? Эмне үчүн шектүү кадрды учурунда эле текшерүүгө албай, убакыттан уттурушуп, маалкатып отурушту? “Темирди кызуусунда сок” дейт. Көзөмөл органдары ЖМКларга чыккан маалыматтарды жаза кетирбей, ыкчам иликтөө, текшерүүгө алышса уттурушпайт эле. Анүчүн кесипкөй профессионалдуулук, кыраакылык керек эй!