Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкекте гемодиализ алган бейтаптар митингге чыгышты
Бишкекте гемодиализ алган бейтаптар митингге чыгышты
23-март, 19:28
483 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкекте ар кайсы аймактан келип дарыланып жаткан, гемодиализге муктаж 50дөй бейтап мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынын алдында акцияга чыгышты.
22-марттагы акцияда алар бейтаптар үчүн менчик ооруканаларга бөлгөн каражаттын суммасын көбөйтүүнү жана гемодиализ үчүн тендер жарыялабоону талап кылышты. Бул тууралуу бейтаптардын бири Айнара Какиева "Азаттыкка" кабарлаган.
"Бизде кайсы мекемеден алганга тандообуз болуш керек. Экинчиден, биздин гемодиализ үчүн алган процедурабызга медициналык камсыздандыруу фонду бөлгөн бааны 4700дөн 6800гө көтөрүп берүүнү өтүнүп жатабыз. Анткени биз менчик мекемелерден гемодиализ алабыз. Доллар, евро өсүп, азыркы суммага бизге керектүү материалдар келбей жатат. Анда бизге зарыл болгон дарылар жок болуп калуу коркунучунда турабыз" деди Кайкиева.