Зеленскийди туураган губернатор Жамалдиновдун көңдөйлүгү

Ош облусунун губернатору Зиядин Жамалдинов бир жылдан ашык убакыттан бери начар иштеп атканы белгилүү. Элдин жүгүн тарта албай, облусту башаламандыкка, укуксуз талаага айландырганы сындалууда. Башкы прокурор Курманкул Зулушев түштүктү кыдырганда көрбөдүкпү. Карапайым калк каржалып, акыйкатка жетпей, жашоо шарттары кескин түрдө начарлап кеткенин. Социалдык көйгөйлөр арбын, жергиликтүү бийлик ийгилик жаратмак тургай, үмүт бере албаганы тастыкталыптыр. Кыскасы, губернатор жөн эле отурат. Себеби, билими, тажрыйбасы жетишсиз... Аз күн мурда Баткенге душмандар бастырып киришкенде, Жамалдинов Украина президенти Зеленскийди туурап, окшош футболка, аскер үлгүсүндөгү чүпүрөктү жамынып чыкты. Сүрөт, видеого түшүү үчүн гана жүргөндөй. Ал эми реалдуу ишин, эмгегин көрө албадык. Программасын, демилгелерин айтпай-ак коёлу. Кайда-ан? Дал ушундай жетекчи сөрөйлөрдүн айынан аймактар өнүкпөй, артта калып атканыбыз жашыруун эмес.
"Азия Ньюс" гезити