Расул Умбеталиев, эксперт: “Көп кабаттуу үйдөгүлөр үшүп, жылыткыч саюуга аргасыз болушту”
-- Бишкек шаарында соңку аптада көп кабаттуу үйлөр салкындап, жашоочулар жылыткыч колдонууга аргасыз болушту. Көйгөйдүн келип чыгышынан кеп салсаңыз?
-- 2-февралда Бишкек ТЭЦтеги чоң стратегиялык, энергетикалык авариядан кийин жылуулук баштагыдай берилген жок. Өкмөт, энергетика министрлиги “авариянын кесепети жоюлду, ТЭЦ ишке киргизилди” дешкени менен көп кабаттуу үйлөрдө, ишканаларда берилген ысык суунун жана жылуулуктун температурасы төмөндөп кетти. ТЭЦ болгону 280-300 мВт электр энергиясын өндүрүп жатат, суунун ысыктыгы да +51-53 градус, баштагыдай +71-72 градуска жетпегени үчүн үйлөр жакшы жылыбай калды. Ошон үчүн көп кабаттуу үйдөгүлөр үшүгөндөн улам жылыткыч саюуга аргасыз болушууда.
Чынында ТЭЦдеги авариядан кийин түтүктөр тоңуп калбашы үчүн жылуулук аз болсо да берилди. Ал мезгилде күн ачык эле, ошон үчүн үйлөр анча салкындаган жок. Анда керектөөчүлөр батарейкалардын канчалык ысык экенине көңүл бурушкан эмес. Күн суугандан бери “үйлөр жакшы жылыбай жатат” деген нааразычылыктар айтыла баштады.
Менин маалыматым боюнча, ТЭЦтин кытайлар курган бөлүгүнө күч келип, катуу иштегени менен эскисинен жетиштүү буу чыкпай, энергетикалык объекттин кубаттуулугу кыскарды. Суунун температурасы +51-53 градус болгону үчүн үйлөрдү нормалдуу жылытууга күчү жетпей жатат. Суу магистралдык түтүктөр аркылуу агып, андан ары локалдык тармактарга, андан соң үйлөрдүн ичине кирет. Кыймылдаган сайын муздайт. Айрыкча ТЭЦтен алыскы райондорго суу келгенче температурасы түшүп, үйлөр жылыбай жатат. Ошон үчүн эл арасында “келбеген жылуулук үчүн да төлөйбүзбү?” деген бүшүркөөлөр пайда болууда.
-- Бирок кечээтен бери “+60 градус берилип баштады” деген маалыматтар тарады го?
-- Чынында +71-72 градус болушу керек. +60 градус деле баштагыдай жылыта албайт. Эми акырындык менен жогорулап отуруп, +71-72 градуска жетип алууну айтып жатышат.
-- Жыйынтыгында жылуулукка болгон төлөмдөрдү арзандатып беришеби?
-- Бишкек шаарынын тургундарын үйлөрүндө жылуулук +18 градустан төмөн болсо, БЖТ төлөмдөрдү азайтыш керек. Ал үчүн БЖТ кызматкерлери, участковый, домком, кошуналары менен атайын акт түзүп, тийешелүү тармак кайра эсептеп чыгышы зарыл.
"Азия Ньюс" гезити