Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сүйүүгө кабылдым... Күйөөмдүн эмес, башка жигиттин отуна алоолонуп...

Сүйүүгө кабылдым... Күйөөмдүн эмес, башка жигиттин отуна алоолонуп...

07-август, 12:42
1 038 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жашоо күтүүсүз көрүнүштөргө бай эмеспи. Жолдошум менен келишпей ажырашып кеткем. Ортодо бир бала менен тааныштым, жылуу сөздөрүнө ишендимби, билбейм, сүйүп калдым. Баары жакшы болчу, бирок ал бала дайыны менен жок, такыр түшүнбөйм. Бирок, мен аны эч нерсесине карабай чын эле сүйүп калыптырмын. Азыр унута албай сагынып, кыйналып атам. Эркектерден суранарым, сүйдүрүп, жакшы сөз айтып, үмүттөндүрүп коюп таштап кетпегилечи. Мурун менде мындай сезим болгон эмес. Азыр кыйналып атам, ал баланы күнүгө эстеп, бирок унута да албай жатам. Ооба, ал бала мени сүйбөрүн, мени албасын да билдим. Бирок дагы деле үмүтүмдү үзө албайм, анткени, аябай сүйүп калыптырмын. Сүйүүгө ишенесиздерби же мен жөн гана жылуу сөздөрүнө алданып, алоолонуп жатамбы? Азыр жолдошум “элдешели” деп келүүдө. Балдар үчүн элдешип жатам. А сүйгөн адамымды унута албай жүрөгүм уйгу-туйгу...   


Эльмира

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
(Видео) Президенттикке талапкер Клара Сооронкулованын ичип, чеккени бузулганыбы?
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер