Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаратман инсан, көрөгөч жетекчи жана даанышман аксакал Аксерик Сариев

Жаратман инсан, көрөгөч жетекчи жана даанышман аксакал Аксерик Сариев

13-октябрь, 17:37
690 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ак дилиңден кызмат кылып элге жак, 

Кара мүртөз зулумдукту четке как. 

Элге берсең кайра аласың аны сен, 

Артыңдан кууйт, абийир жана атак-даңк.


Абай салып караган адамга бу өмүр дегендин өзү бир көз ирмемдей эле таасир калтыргансыйт. Жарык дүйнөгө келген соң адамзат тамтуң басып, эне мээримине бөлөнүп, бул ааламды тааныйт, айлана-чөйрөдөн таасир алып, алдына зор максаттарды коёт. Алыска сабалап учат. Канында катылган дарамет-жөндөм, өнөр-шыктын аркасында тирлик улайт. Билимге ынтызар болгону окуп кесипке ээ болот. Үй-бүлө күтөт. Уул-кызды тарбиялайт. Кагылып-согулат. Бирде жыгылып, бирде туруп чыйралат. Турмуштун ак-карасын айра тааныйт. Анан инсандык ыйык парзды так өтөйм деген акылга мол адам мекен алдында өзүнүн өзгөчө милдетин өтөөгө белсенип киришет. Бир караган адамга мына ушунун баардыгы узак жылдарга созулгандай. А аныгында, көртирлик көйгөйү, тоскоолдуктардан майышпай аттап өтүп бийик эркке, эмгекке шыктанган инсандын бул ааламда сүргөн жашоосу көрккө бөлөнүп, эл алдында кадыры артып, калкына карааны тоодой болуп кызмат кылат. Ошондой инсандардын бири казак калкынын кадырлуу уулу Аксерик ага. Мен бул инсан менен 2024-жылы 10-12-13-апрель күндөрү косманавтика күнүнө жана казак элинин чыгаан окумуштуусу К.Сатпаевдин 125 жылдыгына арналган КАЗИТУ тарабынан уюшулган эл аралык илимий конференцияга барып тааныштым. Дал ошол илимий иш-чарада окуу жайдын негиздөөчүсү Аксерик Сариев менен баарлашып, анын жөнөкөйлүгүнө, адамдык бийик парасатына, илимий ой чабытынын кенендигине, казак элинин меймандостугуна күбө болдум. Тарыхый тагдырдын аркасы менен казак эли эгемендик алгандан кийин Батыш Казакстандын Урал шаарында Аксерик Сариевич жаңы тарыхий-саясый шарттарда билим берген жеке менчик окуу жай ачып, чоң миссияны аркалап баштаптыр. Ошол учурларда биздин жашообузда жаңы гана пайда IBM аппараттары, кийинки компьютерлер адамзат жашоосун чоң бурулуштарга алып келерин зирек туюмунда билген экен.

Ошентип алгач 1993-жылы маалыматтык-компьютердик технологиялар жаатындагы адистерди кыска мөөнөттүү компьютердик сабаттуулукка окуткан курстук даярдоо боюнча казак-немис ишканасын түзүп, немистер менен биргеликте "Андас" окуу борборун негиздеген. 1999-жылдан тартып Казакстан маалыматтык технологиялар жана башкаруу институтунун Батыш-Казакстан филиалынын директору (ал кийин өз алдынча жогорку окуу жайы – Казакстандын инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университети болуп кайра түзүлгөн) болуп, 2010-жылдын июнь айына чейин анын ректору кызматын аркалаган. 2010-жылдын июнь айынан баштап, андан ары Казакстандын инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университетинин негиздөөчүсү болгон. Бүгүнкү күндө курамына Казакстандын инновациялык жана телекоммуникациялык системалар университети, республикалык жогорку техникалык колледж, эл аралык санариптик технологиялар, архитектура жана укук колледжи, ООБ окуу борбору, Транс жана Экожержоба илимий-изилдөө институттары, Алматы шаарындагы эл аралык бизнес жана коммуникациялар колледжи кирген, тармакташкан, түзүмдүк курамдарга ээ ири окуу жайлар системасын жетектейт.

КАЗИТУнун заман агымынан калбай өркүндөп өсүп келатканын сыры Аксерик Сариевичтин менеджерлик сапатында жана өз үй-бүлөсүнө эле эмес жалпы эмгек жамаатына АТА боло билгенинде деп ойлойм. 

Окуу жайдын кызматкерлери, окутуучулар, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менин оюмду далилдеп турат. Баардык шарты бар жатакана, мугалимдер үчүн кызматтык квартиралар, бай технопарк, криминалдык лаборатория, окуу корпустары ж.б. Кыскасы, жаш адам толук кандуу билим алып, ар тараптан өнүгүшү үчүн дээрлик зарыл шарттар түзүлгөн.

Аксерик Сариевичтин жетекчи катары чоң артыкчылыгы – ар бир кызматкери үчүн атадай кам көрө билгендигинде. Мугалимдердин эл аралык илимий иш-чараларга баруусун каржылоо, аспирантурага, докторантурга окугусу келгендерди “аттап-тондоп”, баардык чыгымын төлөп, чет өлкөлөргө чейин жөнөтүү, керек болсо андан ары да алардин илимий даражага ээ болуусуна чейин көз салып, көмөктөшүү сыяктуу камкордук мамилени көрүп, ичиң жылыйт. 

Университтетеги жамааттык духту, атмосфераны, ынтымак-ырашкерликти көрүп туруп, жетекчиликтин мээримдүү аталык камкор мамилеси тээ окуу жай түзүлгөндөн бери эле болуп келе жатканына көзүң жетет. Сиздей атанын тарбиясын алган уул-кыздарыңыз, прогрессивдүү, креативдүү эмгек жамаатыңыз турганда КАЗИТУ кылымдар алмашса да билим храмы катары калкка кызмат кыла берерине терең ишенем.

Үлкөн интеллектуал, күчтүү менеджер, мээримдүү ата, камкор жетекчи – мына ушул асыл сапаттардын баарын боюна сиңирген инсан Аксерик Сариевичти 75 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм! Илим менен билимден түзгөн империяңыз калкка кылымдар өтсө да кызмат кыла берсин! Өзүңүз бекем ден соолукта бар болуңуз!


Чолпонбек Сыдыкбаев, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер