Жолборс Жоробеков: “Бир сындырым наның жок калса, ошондо кыйынчылык болот”
-- Эл башына түшкөн учурдагы мүшкүлгө оюңуз кандай? Кайда баратабыз? Абалыбыз кантет?..
-- Мына бул атың өчкүр ылаң адамзатка келгенге чейин “оозу менен орок оруп, мурду менен тынгандын” баары эле политолог болчу. Ички да, тышкы да, экономикалык да, ж.б. кайсы маселе болбосун үстүнөн чыгып, аны чечмелеп айтып киришчү. Эми анын баары коронавирус боюнча адис болуп чыга келишти. Баардык нерсени адистерге бербейлиби, ошолордун айткандарын кынтыксыз аткарбайлыбы? Мына, өкмөтүбүз, жетекчилик өзгөчө абал киргизди, ага моюн сунбайлыбы? Айтылганды айтылгандай жасабайлыбы? Жамаатташып алгандын кереги жок, чогулуштарды токтотолу. Аргасыз болуп калса талаптарды аткарып, врачтар көрсөткөндөй сактаналы. Бул деген таза эле үйүңдөн чыкпай, чүмкөнүп отуруу эмес да. Айылда бала-чакаң менен тамаракаңды кара, эшик-элигиңди тартипке сал. Малыңды талаага жай. Келгендер менен алыстан сүйлөш. Көрүшпө, өбүшпө! Адырда малыңды жайып жүрсөң, же талаада эгиниңди эгип, жериңди айдап жүрсөң, сага кайдан коронавирус жуксун? Дарбып-дүрбөлөңгө түшпөш керек. Зарыл болбосо бир-эки ай шаарга түшпөй эле кой, үйдөгү нан-чайың жетет. Көп эле кыйналып кетсең тоок-моок, кой-козуңду союп ал. Ушул азыркы да кыйынчылыкпы?! “Кыйынчылык” деп бир сындырым наны жок калганды айтыш керек.
Шаарда абал кичине башкачараак. Өкмөт күн сайын нан-чай таап жашап-иштегендерге жардамды караштырып жатат. Сабыр кылалы, ачкалыктан эч ким өлбөйт, эл бар, журт бар. Ал эми шаардын тегерегиндеги азаматтарга айтарым, келгиле, үйүбүздү оңдойлу, жол жагыбызды тазалайлы, гүлдөрдү тигели. Чет жактарга барып, телевизордон көрүп жатасыңар, алар жашаган жерин кандай абат кылып алышат! Бизге Кудай берген кооз жерди өзүбүз дагы кооз кылып жашабайлыбы?
Мындан 4-5 жыл мурда Делиге барып, жүрөгүмдөн операция жасатып келдим. Ошол клиниканын ээси обход жасаганы келгенде жанындагыларга айтып жатат: “Мага Кыргызстан, Бишкек жагат. Шаардын кайсы жеринде болбосун ак карлуу тоолор көрүнүп турат, дүйнөдөгү эч бир шаарга теңебейм. Өзгөчө шаар” деп тимеле көзү чачырайт. Келгиле, ушул шаарыбыздын, өзүбүздүн үйүбүздүн тегерегин гүлзарга айлантып алалы. Аны мэр, же өкмөт келип жасап бербейт.
Аягында силердин гезитке ырахмат айткым келет, ушундай кезде эл-журтту ынтымакка чакырып, жакшы иш кылып жатасыңар.
Aryba.kg