Кызык... Бишкекте окуучулар окубай турган болушту
Бишкектин мектептери 6-октябрдан баштап 2-6-класстарды кабыл албай турган болду. Балдар мурдагыдай эле аралыктан окуусун улантат. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык көзөмөлдөө борборунун директорунун орун басары Мира Курманова тастыктады.
Анын айтымында, буга эпидемиологиялык абал себепкер.
"Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунда мектепте окутууну баштоо же кое туруу маселеси жергиликтүү санитардык-көзөмөлдөө борбору менен макулдашылсын деп жазылган. Биз абалды карап туруп, мектепте окутууга уруксат берген жокпуз. Анткени коронавирус көбөйүп келе жатат. Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар күч алууда. Анын үстүнө мектептерге жылуулук бериле элек, балдар ооруп калат. Мындан ташкары, балдарды 1-класстардай кылып бөлүп окутуу абдан татаал. 2-класста эле бир мектепте 4-5тен класс бар. Ар биринде 40-50 бала. Экинчи чейректе абалды байкайбыз", — деди Курманова.
Ал эми 1-класстар мектепте окуусун улантары айтылды.
Анткен менен эртеңден тарта Кыргызстандын башка аймактарында эпидемиологиялык абалга карабай, 2-6-класстын окуучулары мектепте окуй баштарын билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
"Министрликтин буйругу өлкө аймагындагы баардык мектептерге тиешелүү. 6-класска чейин баардык санитардык нормаларды сактоо менен мектептерде билим ала башташат", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.