Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Отуруп эсептесем 376 тууганым бар экен, бири да жардамга жарабады

Отуруп эсептесем 376 тууганым бар экен, бири да жардамга жарабады

04-июль, 09:12
763 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Сварщик болуп иштейм. Колумдан баары келет. Бирок мендейлер көп, жумуштун табылышы оор. Жарыяларга чалсам, "жаңы эле алып алдык" дешет. Айла жок, миң сомго кыла турган ишти 200-300 сомго түшүрөм. Антпесем болбойт, бала-чака деген бар. Эшектей иштеп, үйгө түндө келем. Балдарым эбак уйкуда. Келинчегим макарон жасап күтүп отурат. Тамак ичип алып уйкуга кетебиз. Эртең менен жумушка жөнөп баратып, кечээ тапкан 300 сомдой акчамды колуна карматам. Бир күндүк продуктубуз. Эгер бүгүн шабашка болбой калса, анда эртең балдарым ачка калат. Үйгө келсем келинчегим очокко тамак бышырып жатыптыр. Эмне болгонун сурадым. Карызыбыз көбөйүп, светти өчүрүп коюушуптур. Ушул эле жетишпей жатты эле. Кечээ квартальный келип, "суу менен таштандынын карызын төлө" деп жаңжал салып кеткен. Тажадым. Шаарда турган туугандардын баарына чалдым. Бир тыйын чыккан жок. Айылдагылар менен байланышсам, трубканы албай коюшту. Эми жашырып эмне кылам? Мени көбү кошушпайт, анткени жашоо деңгээлим аларга салыштырмалуу төмөн. “Бул дагы бир нерсе сурайт” дешип, менден качып турушат. Ал эми жумуштары болгондо чакырып иштетишет. Акчасын беришпейт, түшкү тамагын эмгек акы кылып эсептеп коюшат. “Жаман да болсо тууганым” деп унчукпайм. А мени аяган киши жок. 

Бир кошунабыз бар. Кошуналар аны "делдең кулак Жоки" деп коюшат. Кыска бойлуу, шыпылдаган байке. Огородунда баары өсөт. Тооктору жайнайт. Кышында мал кармайт. Кичинекей сары аялы бар. Сонун эже. Ушул экөө болбосо ачкадан өлмөкпүз. Башында жаман көрчүмүн. "Балдарың жакшыбы?", "Бүгүн жумушуң болдубу?" деп дубалдан башын чыгарып сурай берет эле. Кабатыр болуп жатканын кайдан билейин, бирөөнүн ишине мурдун тыга берет (!) деп ойлочумун.

Ал күнү үйгө "балдарыңа" деп бир чака алма көтөрүп келген. Светибизди өчүрүп коюшканын билип, унчукпай чыгып кетти. Таң атары менен свет күйдү. Делдең кулак Жоки байке карызды төлөп коюптур. Андан кийин квартальныйга барып абалыбызды айтып, "гумпомощко" кезекке жаздырыптыр. Ал эми кечке маал аялы союлган эки тоок менен жыйырмадай жумуртка таштап кетти. Туптуура эки жумадан кийин бир уюм келди, продукту берди... Отуруп эсептесем, 376 тууганым бар экен. Керек болбосом бирөө чалып акыбыламды сурабайт. Келсе ичип-жеп, сынап кетишет. Ал эми жанымдагы бөтөн эле кошунам берген тыйынын доолабайт.

Баса, сарай куруп жатканын айтып, мени жумушка чакырды. Акчасын эки эселеп төлөп бере турган болду. Ыраазы болуп жашыдым. “Алыскы туугандан, жакынкы кошуна артык” деген чын экен.


Максат  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер