Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мигрант келиндин каты: “Чарчадым, үйгө кетким келет. Бирок Кыргызстанда жумуш жок, кантип жашайбыз?..”

Мигрант келиндин каты: “Чарчадым, үйгө кетким келет. Бирок Кыргызстанда жумуш жок, кантип жашайбыз?..”

27-январь, 11:55
2 265 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Таңдан кечке баягыдай отурмай жок, 15 саат иштемей. Чарчадым. Үйгө кетким келет. Балдарды сагындым. Баарыңарды сагындым. Бирок... “барганда кандай тирлик кылабыз?” деп аны ойлойм. Же сенде, же менде жумуш жок. Балдар болсо чоңоюп, ичкен-жегени да ошого жараша болуп келе жатат. Аябай чарчап, тажап жүрөм. Бул аз келгенсип, ар кайсы нерселерди айтып, маанайымды түшүрөсүң. Мындан ары тескери ойлоруңду айтпачы! Ала жипти аттагым келсе, сенин жаныңда жүрүп деле кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп койгонго акылым да, амалым да жетет. Жакшы сөзүң менен дем берип турчу?..

Дагы эле белим чымырап ооруп, отуралбай же жаталбай кыйналып жүрөм. Дарыланайын дейм, бирок акча кетиргим келбей жатат. Бул жакта баары кымбат да. Кыргызстанга барганда бир сыйра доктурга көрүнүп дарыланармын. Өзүң баш-көз болуп, акчаны үнөмдүү, туура пайдаланып, чогулткула. Мен деле бул жакта өмүр бою иштей албайм да. Балдарды жакшы кара. Ыйлатпа. Ансыз да алар мени сагынып атышса керек. Түшүмө бат-бат киришет. Аларды аябай сагындым. Жумуш чыкса иштеп, чай-чамекке акча тапканга аракет кыл. Тыгынчык болсун. Арак ичпе. Ден соолугуңду кара. Бир жумадан соң акча салам, өзүңө керектүүсүн алып, доктурга көрүн. Дары-дармекке, анализдерге канча керек экен, айтып кой. Салып жиберем. Тамекиге өпкөңдү ыштай бербе. Кийин демигип, такыр баса албай каласың. Өзүңө кам көрүп, ден соолугунду кара.

Азыр жумуштан чыгып баратам. Үйгө жетсем эле уктайм. Аябай чарчадым. Белим чыдатпай ооруп атат... Жакшы тургула анда. Эртең чалам ээ?.. 

Гүлайым

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер