Эмне үчүн Райымбек Матраимов миллиондор чуусуна ооз ачпады?
Түрмөдөгү Мелис Аспековдун улам сериялуу видеолору чыгып, коомчулукта чоң талкууларды жаратты. Кайталоонун кажети жок. Бирок, токтоло турган олуттуу жагдай бар. Эң кызыгы, кеп оролуна келсек, абактагы Райымбек Матраимов өзүнө карата айтылгандарга үндөбөй, бийик болуп койду окшойт. Ооба, миллиондор чуусуна карата ооз ачпады. Сыры бардыр. Барктай алабызбы? Бир эсе мамлекеттин туруктуулугун ойлоп, саясый кырдаалды козутууга барбады. Эгер ал үн катса эмне болот эле? Элестете албайбыз. Аныгында, сөзгө бекем эмеспи! Азырынча Райымбек Матраимовго ден соолук, сабырдуулук тилейбиз! Баткан күндүн чыгышын унутпайлы. Бир күнү камактын да эшиги ачыларын, каарманыбыздын эркиндикке чыгарын билебиз. “Түсү ийгиден түңүлбө” дегендей, Райымбек мырзанын элине жасай турган жакшылыктары дагы алдыдадыр...
"Азия Ньюс" гезити