Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ээсин таппаган эгемендиктин сыйлыктары. Быйыл да кошоматчылар марыйбы?

Ээсин таппаган эгемендиктин сыйлыктары. Быйыл да кошоматчылар марыйбы?

01-июль, 13:44
1 882 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ар жылы 31-августа Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы күнү майрамдалат. Эгемендикке жетишибизге, өлкөбүздүн чыңдалышына салымын кошкон жарандарыбызга сыйлыктар таркатылат. Мына быйыл Кыргыз Республикасына 30 жыл болот. Бул көппү, азбы? Түбөлүктүүбү, утурумдукпу? Биз туура жолдо баратабызбы, көздөгөн максатыбыз не, эмнеге жетиштик, эмнеден жаңылдык? Ушул сыяктуу суроолорго жооп берип, басып өткөн жолубузду бир кайрылып карап, ой толгоп, терең анализ жасай турган кез.

Адаттагыдай эптеп-септеп, чала-була шаан-шөкөт өткөрүп, татыктуу-татыксызына карабай, өң-тааныш, блат менен сыйлык таратымыш болуп, 30 жыл чардап жаткан “сазыбызга” кайтабызбы? Же бул багытта да жаңы бийлик жаңыча ыкма жасайбы? Эл кантээр экен (?) деп кулагын түрүп турат.

Басып өткөн жол, алдыдагы асыл максаттар тууралуу дөө-шаа идеологдорубуз айтаар. “Алыбек алына жараша...” дегендей, биз тишибиз өткөн бир бучкагын чоюп, ушу эгемендик сайын сыйлык берүү адаты тууралуу азыноолак кеп кылалы.

Сыйлыктардын түрү, сыйлануучуларды тандоо тууралуу канча жолу сын пикирлер айтылды. Эч нерсе өзгөрбөй эле, шагыратып, күтүрөтүп сыйлык таратмай адатыбыз калбады. Акаев, Бакиев заманында жалаң өң-тааныш, бийликти мактаган кошоматчыларга наамдар таркатылып, арты сыйлык берүүчү комиссиядагылар соодалап, долларга сата баштаганы кеп болгон. 

Атамбаев заманында ууру-кески, шопур, күзөтчү, техничкаларына чейин “Манас” ордендери таркатылды. Роза Отунбаеванын эжекелеген Убактылуу өкмөт мүчөлөрү “кийин сизге баатырдыкты беребиз” дешип, баары бирден “Манас” орденин тагынышты. “Эй, Манас ата кол баштап кыргыздын душмандарын кырган, силер Ошто Июнь окуясында элибизди отко чулгатып ийип, кайсы бетиңер менен “Манас” орденин тагып алдыңар?” деген ЖМКларга чыккан коомчулуктун сөзү кулак сыртында эле калды. “Сыныктан башканын баары жугуштуу” дегендей, Баткенде 40 жараныбыз кырылып атса, “Камчыбек Ташиевге баатырдыкты бергиле!” дегендер да тыйылбай койду.

“Манас” ордени, жалпы эле сыйлыктар девальвация болуп, баркы кеткенине карабастан, салт уланууда. Сооронбай Жээнбеков да кетеринде бир кулач тизме менен көр сатып шермендеси чыкканын да сыйлап, “мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген” наамын берип, дагы толгон-токой кошоматчылардын төшүнө орден такты. Генералдык чин-даражаларды ылгабай таратты...

Тили менен баатыр болгондорду “кошоматчы” десек, айрым “баатырларыбыз” “мен максатыма жеттим, алчумду алдым, эми тиги жагымпоздор менен айтышсам, оозум булганып калбайбы?” деп асмандады. “Ой, ал баатырдын тили тигинин көчүгүн жалап атканда эле булганган эмес беле?” деген шылдыңга калса деле коом толгонгон жок. Ойлонгон жок!

“Сыйлык алып коюш керек эле, таанышың жокпу? Барыш керек экен, чуркап коюш керек да, бирдеме берет окшойбуз” деген жийиркеничтүү сөздөр көнүмүшкө айланып, коомубузга сиңип баратат. 

Чанда бир гана жетишкендик жасаган спортсмендер эле болбосо, калган сыйлык алуучулардын дээрлик көпчүлүгү татыксыз, кошоматчы, өң-тааныштык менен жаш балдарга момпосуй тараткандан айырмасы жок болуп баратат.

“Эми быйыл кандай болот экен?” деп баам салсак, эч нерсе деле өзгөрбөгөндөй. “Баягыдай эле сыйлык алат элем” деп жүгүрүп, документ топтоп жүрмөй. Ар ким өз жакынына күйөрман болуп, коштой чабуу дагы деле уланып атканын байкадык.

Ошол эле учурда эгемендикке жетүүбүзгө опол тоодой салым кошкон алгачкы демократиялык кыймылдын, “Ашар”, “Асаба”, “Жаш тарыхчылар” коомунун активдүү мүчөлөрү алигүнчө сыйлык дегенден куржалак.

Жаңы бийлик жаңыча иш баштап, коомдун аңтарылган аң-сезимин оң жолго салууну ойлосо, мына быйыл, ушул эгемендик майрамынан башташы керек! Эгемендикке тикелей салым кошкон 90-жылдардагы жаш лидерлердин көз карандысыздыкка кошкон салымы өз баасын алышы керек! Эгемендиктин сыйлыктары акыры өз ээсин табышы зарыл! 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер