Сегизбаев, Жолдубаева жана Сүйүмбаевдин жоопкерчиликке тартылышын коомчулук күтүүдө


Дээрлик соцтармактарда, коомчулуктун калың катмарында Абдил Сегизбаевдин, Индира Жолдубаеванын жана Болот Сүйүмбаевдин камалышын талап кылган демилгелүү топтор чыгышууда. Деги үчөөнүн артын дыкат иликтеп, укуктук баа бербесе бийликтин бетине көө сыйпала берет го? Булар биринен-бири ашып, саясый кугунтуктарды жүргүзүүгө активдүү кийлигишкен адамдар. Мамлекеттик алкактагы жалаа -- “Белиз-гейт” далилденбей калды, а эмнеге жоопко тартылышкан жок? Мындан сырткары, Сегизбаев менен Сүйүмбаевдин хансарайлары интернет айдыңына байма-бай жарыяланып келет. Эмне үчүн тийешелүү органдар буларга “Мыйзамсыз баюу” беренесин колдонушпайт? Чиновниктер айлык акысы менен миллионер боло алышпасын баарыбыз түшүнүп турабыз. Бирок, билмексен болобуз. Ал эми Индира Жолдубаева саясый куугунтуктарды жүргүзүүдөн сырткары Азиз Батукаевдин иши боюнча деле соттолуп кетиши реалдуу көрүнүш.
Aryba.kg