Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Министр Бейшеналиев боюнча комиссия ишинин аягына чыгышы керек”
-- Жанар мырза, учурунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү эле. Бүгүн болсо бир кесиптешиңиз демилгечи депутаттыктан кеткенине байланыштуу комиссияны жоюуну сунуштады. Бул канчалык туура болот?
-- Чындыгында депутаттык корпуста комиссия түзө берген, түзүп, ишинин аягына чыкпай калган көйгөйлөр бар. Бул өкүнүчтүү. Ал эми Бейшеналиев боюнча айтсам, Жусупбек Коргонбай уулунун билдирүүсү боюнча министрдин тегерегинде коомчулукта аябай чоң сенсация болуп, катуу талкуу жүрдү. Ооба, азыр Жусупбек Коргонбай уулу депутат эмес, бирок ошого карабастан, ал келтирген фактыларды депутаттар тыкыр иликтеп, чын-бышыгын аныктып, болгонун айтып берүүгө тийиш деп ойлойм. Антпесе парламентке, түзүлгөн комиссияларга эл ичинде ишеним азаят. Эгерде Бейшеналиевдин жанагынча квартиралары ачыкталса, чын эле башка врачтардан жанагинтип акча алган болсо, анда аны далилдеп, элге чыгарыш керек. А албаган болсо, “жок, депутат эмоцияга алдырып, такталбаган маалыматтарды берип коюптур, бул киши андай эмес экен” деш керек. Айтор, ак-карасын айкындаган чечим чыгышы шарт. Биз ошого жетишебиз.
-- Демек, комиссиянын ишин бир кишиге байланыштуу карабаш керек экен да?
-- Ооба. Комиссиянын иши карала турган маселеге, фактыларга байланыштуу болуш керек.
"Азия Ньюс" гезити