Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Бейшеналиев жакшы киши, бирок ишти алпара алган жок”

Балбак Түлөбаев, ЖК депутаты: “Бейшеналиев жакшы киши, бирок ишти алпара алган жок”

08-февраль, 19:39
1 398 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балбак мырза, Алымкадыр Бейшеналиев боюнча пикириңиз кандай?

-Башында жакшы баштаган. Бирок экинчи жолу министр болуп келгенде токтотуп койду. Соцаптека менен “Эл аманды” алмаштырып алды бул киши. Соцаптека деген түшүнүктү түшүнбөй койду. Өзү жакшы киши, ниети түз, бирок реформаны ишке ашыра албады. Соцтармак, анын ичинде саламаттыкты сактоо аябай оор да. Мисалы, Караколдо, Бишкекте иштеп турганда, мен “соцаптека ачам” деп аябай күрөшүп, бирок күчүм жетпей койгон. Фармкомпанияларды иретке салыш керек.

Бул киши ооруканаларды жаба баштады. Мисалы, Орловкадагы оорукананын төрөт, жугуштуу оорулар, хирургия бөлүмдөрүн жапты. Мейли, хирургияны жапсын, бирок төрөт үйүн... Ал оорукананын тегерегинде 12 миң киши жашайт. Бир айда 12 миң кишинин канча бир пайызы төрөйт да. Орловкадагылар Токмокко, Быстровкага барыш керек экен. Жугуштуу оорулар бөлүмү да күн сайын иштеши керек. Анан эмне үчүн жабат? Ошон үчүн эле кетти. Депутаттар тиги эмне болуп атат?” десе, “президенттен сурагыла” дейт. Кантип сурайбыз биз президенттен? 

-Иштен кетишине дал ошол сөзү себеп болгон жокпу?

-Акыркы чекит ошол болуп калды. Анан саламаттыкты сактоо тармагынын ичиндеги кээ бир нерселер себеп болду. Дагы бир жолу айтайын, ал өзү жакшы киши, бирок ишти алпара алган жок.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер