Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт банктарда алтын, күмүш куймасын сатууну караштырып жатат

Өкмөт банктарда алтын, күмүш куймасын сатууну караштырып жатат

23-август, 11:54
352 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Министрлер кабинетинин төргасы Акылбек Жапаров банк секторунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, Жапаров анда "салыктык башкарууну жана банктык тейлөөнү санариптештирүү тыгыз кызматташууга муктаж экенин белгилеп, банктарды бул багытта жигердүү болууга, фискалдык түзүмдөрдү реформалоодо көмөктөшүүгө чакырды. Ошондой эле бул тармактын келечегине токтолуп, коммерциялык банктарда алтын жана күмүштүн өлчөнгөн куймаларын жана тыйындарды сатуу-алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын айтты" деп айтылат маалыматта.

Соңку кездери Кыргызстанда коммерциялык банкттарга байланыштуу сын-доомат көбөйдү. Өлкөдө ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес негизинен АКШ долларына байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдарынын кирешесин азайтканын айтып жатышат.

Акылбек Жапаровдун банк өкүлдөрү менен өткөргөн жыйынында бул маселелер каралып-каралбаганы тууралуу маалымат берилген жок.

Ушул жылдын башында доллардын курсу кескин көтөрүлүп, 100 сомдон ашканда президент Садыр Жапаров жарандарды Улуттук банктан алтын куймаларын алууга чакырган. Өлкө башчынын кайрылуусунан кийин алтын алгандар көбөйгөн жана көп өтпөй эле алтын сатып алгандар арасында анын баасы түшүп кеткенине нааразы болгондор чыккан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер