Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шектүү Нурлан Сулайманов баласы Элдарды депутат кылса да тынчыбайбы?

Шектүү Нурлан Сулайманов баласы Элдарды депутат кылса да тынчыбайбы?

13-февраль, 21:29
898 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аз күн мурда өкмөт башчынын жанында “иш кылып” жүргөн Нурлан Сулайманов боюнча коомчулукта чуу чыгып, бийликтин аброюна шек келтире турган сөздөр айтылып, жазылган. Мурда издөөгө алынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай кутулуп кеткени козуп, олуттуу суроолор коюлду. Көп өтпөй Өмүрбек Текебаев экс-министр Нурлан Сулаймановдун Баткендеги жер чатагына тийешелүү экенин билдирип, жарга такаган. Кайрадан чыр-чатак ырбады. Анан башкы прокуратурага суракка чакырылганы кабарланып, ошол боюнча эмне болгону белгисиз. Адатынча “кол ийрисине тартат” таризинде көшөгө артынан жым-жым болуштубу? Кыскасы, кыңыр ишке чекит коюлбай келет. Баса, коррупцияга шектелген бул чиновниктин баласы Элдар Сулайманов “Ата Журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Атасынын миллиондору арбын экен, мандатты минип отурат. Бир эсе таңгаласың, Нурлан Сулайманов уулун саясатка талпынткан соң, өзү Кудайга тобо келтирип, үйүндө неберелерин тынч эле багып, мамлекеттик кызматтардан оолак эле жүрбөйбү? Качанкыга чейин жулуна берет? Пенденин көзү тойбойт экен го... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер