Сабыр Муканбетов, саясат талдоочу: “Ташиевге “Камчы аке” деген наамды берсек туурабы?”

-- Сабыке, кечээ жакында камалып чыгышып, “кемпирабадчылар” атка конгон оппозициялык топ менен Камчыбек Ташиев жолугушуп, коомчулукта кызуу талкуу жаралды. Жактырып, “туура” дегендер, жактырбай мурдун чүйүргөндөр да жетиштүү болду. Сен кандай ойдосуң? Бул туура кадамбы, ушундай жолугушуу керек беле өзү?
-- Коомго тынчтык, саясый туруктуулук керек. Ошон үчүн жолугушуп, баарлашып, түшүнүшүүгө аракет кылуу – бул кандай деген күндө да туура кадам экени эч талашсыз. Жолуккандан майнап чыктыбы-чыккан жокпу, кеп анда эмес, кеп ошондой жолугушууларды уюштуруп турганында. “Болору болду, боёосу канды” деп коёт эмеспи кыргызда, анын сыңарындай, өткөн өттү, кеткен кетти, анан ошо бойдон бет карашпай душман бойдон калыш керекпи? Диалог үзүлбөш керек.
-- Жолугушуудан кийин бийликтин оппоненттери ич ара ырылдашып, ашкере жагымпоздонуп ийген айрымдарын тытмалап атса, ошого катар Камчыбек Ташиевге “Отец нации” деген наам берүүнү демилгелеп чыгышты. Буга кандай баа берели?
-- Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров бийликке келгени ууру-кески, коррупционерлер, кылмыштуу дүйнө менен эбегейсиз катуу күрөш баштап, миңдеген азуулуу, айлакер, арамзалардан душман күтүштү. Анын баары ким үчүн? Албетте, биз, эл үчүн жасап жатышат. Эл да ошону сезип-билгендиктен колдоого алып жатпайбы.
Бир балээ болуп үзөңгүдөн бут тайыса, азыр бийликте турганда эле үй-бүлөсүнө чейин кол салууга дайын экенин айтып коркутуп аткан душмандары соо коюшмак беле? Ошондуктан бул эки досто эми артка жол жок, только вперед!
-- “Отец нации” наамын берүү тууралуу айтпай кеттиң?
-- “Отец нации” деп Сталинди, “вождь пролетариата” деп Ленинди айтышчу. Азыр көп айтылбай калганы менен ал наамдар азыр деле эки көсөмгө талашсыз таандык. “Отец нации” дегенди “Улут атасы” деп да жатышат. Бизде негизи “Журт атасы” делет. “Журт атасы” дегенге чейин “Эл башы”, “Аке”, “Эр” ж.б. титулдар бар да. Ошолордон баштап ылдыйдан өйдө берсе туура да... Негизи Камчыбек Ташиев татыктуу, “элге кылган ак эмгегин колдоп, наам ыйгаралы” дегендердин сунушун мен колдойм.
“Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген Манас атаны деле Журт атасы дебей, эр, шер, айкөл, кабылан ж.б. титулдар менен чектелип жүрөбүз. “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн кайра түптөйм” деп жүрүп шейит кеткен Тагай бий, Алымбек датка, Ормон ханга деле элибиз “Журт атасы” дегенди ыраа көрбөптүр. Азыркы эгемен Кыргызстанды түптөөгө тоодой эмгегин сиңирип, өмүрүн берген Жусуп Абдырахмановго ушу наамды ыйгаруу сунуштар да кезинде бийлик тарабынан колдоо таппай кала берген.
Азыр эми, албетте, Камчыбек Ташиевдин ташы өйдө кулап, жалпы элдик колдоого ээ болуп турат. Ал ошого ак эмгеги, кажыбас кайраты, элге жүрөгүн арнаган эрдиги менен жетти. Ал талашсыз. Айрыкча “жакындарым, туугандарым мыйзам бузса да аябайм, камайм!” деген сөзүнөн кийин Камчыбек Ташиевдин рейтинги ашып-ташып өсүп кетип, жанагыдай эмгегин баалоо сунуштары чыгып, туугандарына жан тарткандардын рейтинги төмөндөп атат. “Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деген бабалардан калган кылым карыткан акыл насааттын баркы ушу да.
-- Жогоруда “наам берели дегендерди колдойм” дедиң, анан “Журт атасы” дегенди кыйбагансыдың. Эл башыбы, Акениби? Ачыгын айт, кандай наамга татыктуу?
-- “Эл башы” деген ал – президент кылып шайласаңар эле чечиле турган маселе. Менин оюмча, “Эл башы” дегенден көрө жети акеге кошуп, Ташиевге “Камчы аке” деген наамды берсек туурабы?
-- Ансыз деле “Камчы ака” дегендер толуп атпайбы?
-- Ай Суке, “ака” деген ага, байке, “үка” деген ини деген сөз. Ал эми Кыдыр аке деген ал ата, жалпы элге даанышман дегенди билгизет. Эр Эшимдин заманында кыргыз-казак бир болуп турганда казактардан кирген сөз. Казактар азыркыга чейин атасын “аке” дейт, алар “ата” деп чоң атасын айтышат.
Айтпагандын баарын айттырып, капкайдагы суроолорду бересиң. Наам жакшы, эмгеги сиңгендерге сыйлыктарды бере бериш керек. Кадыр-барк сатып, баркын кетиргенди токтотуу зарыл. Бирок, окуя кандай аяктайт, эмне менен бүтөт, наам алгандардын келечеги, тагдыры кандай болот? Ал бизге белгисиз да, ошондуктан этияттап, шашылбай... “Мактаган кыз тойдо осурат” деген да бекер эмес, ошону да унутпайлы...