Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат

Индияда COVID-19дан өлгөндөрдүн сөөгүн өрттөп жетишпей жатышат

26-апрель, 12:05
501 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көпчүлүк ооруканаларда орун жана кычкылтек аппараттар жетпей, дарыгерлер бейтаптарды кабыл албай калганы айтылууда. 350 миңден ашык кишиден COVID аныкталууда. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри Нарендра Модинин радио аркылуу элге кайрылуусунда айтылганын ВВС жазды.

"Азыр Индия коронавирус чабуулунун чок ортосунда турат. Күнүнө 350 миңден адам вирус жугузуп, Дели шаарында ар бир төртүнчү мүнөт сайын бирден киши өлүп жатат. Биринчи толкунду артта калтырганда биз коронавирусту жеңдик деп ойлогонбуз. Бирок жаңы толкун улутту бүк түшүрүп койду" деди өкмөт башчы.

Маалыматка караганда, атайын жайларда орун жана убакыт жетпей жаткандыктан, коронавирустан каза болгондордун сөөктөрүн кадимкидей көчөлөрдө өрттөп жатышат. Көпчүлүк ооруканаларда орун жана кычкылтек аппараттар жетпей, бейтаптарды кабыл албай калышты.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус статистикасын жүргүзгөн Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Индияда COVID-19 жуктургандардын саны 17 миллионго жетип, дүйнөлүк тизмеде экинчи орунда.

“Спутник кж”
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер