Акыркы кабарлар
» Коом » Президенттин аппаратында Искендер Гайпкуловдун таасири артууда
Президенттин аппаратында Искендер Гайпкуловдун таасири артууда
18-февраль, 10:40

“Ата Мекен” партиясынан депутат болгон Искендер Гайпкулов мандатын тапшырып, президенттик аппараттын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Манапча жүргөн Мелис Мырзакматовдун кан кудасына, легендарлуу Медет Садыркуловдун шакиртине оомат ооп турган кези. Гайпкулов президентке олуттуу кеңештерди айтып, сөзү өтүмдүү боло баштаптыр. Кадр саясаты, бизнес өнүктүрүү жаатында идеялары ишке ашып, ити чөп жегени көп нерсени каңкуулайт. Таасири артууда. Көшөгө артынан тымызын арбын иштерди бүтүргөн каарманыбыз Садыр Жапаровдун ишин алдыга жылдырабы, же күнүмдүк жыргалчылыгына азгырылып, каалаган күнү ойт береби?..
"Азия Ньюс" гезити