Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бишкекте 22 жаштагы келин төрөт үйүнө жетпей таксиде көз жарды

Бишкекте 22 жаштагы келин төрөт үйүнө жетпей таксиде көз жарды

16-август, 11:44
362 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкекте төрөт үйүнө бара жаткан келин таксиде көз жарды. Бул туурасында Kaktus.media`га "Тез жардам" кызматынан ырасташты.

Бул окуя 15-августта эртең менен катталган. 22 жаштагы келин борбор калаадагы соода борборлорунун биринде жүргөндө толгоосу башталган. Ал төрөт үйүнө такси менен бара калайын деп, такси кызматын чакырган. Бирок келин унаадан төрөгөн.

"Ал такси менен ооруканага өз алдынча бармакчы болгон. Окуя болгон жерге реанимация тобу жөнөтүлүп, алар убагында барышкан. Келин таксиде төрөгөн. Эне менен баланын абалы канааттандырарлык, алар төрөт үйүнө жеткирилди", - деп билдирди "Тез жардам" борборунан.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер