Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары


“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде
(Уландысы. Башы өткөн санда)
Мына ушундан улам “Манастагы” Жакыптын арман-кайгысынын эмнеден тамыр алып чыгып жатканын түшүнсөк болот.
Жакып өзү кырк миң жылкылуу бай. Бирок “Муңдук, Зарлыктагы” Жанчаркан жанагинтип “өзүмдөн перзент болбосо, хандык доорум курусун” деп айткандай, Жакып да артында бала жоктугу үчүн “чайнаганым май болсо курусун, ошол өрүш толгон малыма, короо толгон коюма ээ болуп калар (“Кунаным жүрөт кур болуп, кууп минер балам жок, оболоп учкан ак шумкар, таптап салаар кишим жок”) туягым болбосо, мендей жашаганы чала, канатсыз чунак кайда бар?” деп кайгы жеп турат. Жакып үчүн мураска ээлик калар тукум жок болсо, адамдын өмүрү маңызсыз. Байлыгыңдын да, бийлигиң да мааниси жок (“Акыретке бет алсам, алтын, күмүш пул калат, айдаган малга ээ болуп, алтайдан келген кул калат”). Туяксыз куу баш өткөн пенденин өмүрүнүн акыры “бузулуп калган калаа”. Жакыптын түшүнүгүндө жарык дүйнөнүн ээси, туткасы – бала.
Бирок да терең карай келсек, илгерки түрк адамынын көз карашында жарыкка туулган “туяктын” вазийпасы атасы энчиге калтырган материалдык байлыкка мураскор болуу же болбосо атасынын биологиялык уландысы катары гана чектелбейт. Улуу акын Жеңижок ырдагандай, уул жөн гана тукум улоочу же болбосо “аргымак минип дуулап, адырдан коён уулап” жүрүш үчүн эле туулбайт. Түрк элдеринин түшүнүгүндө бала деген нерсе чоң моралдык-философиялык жана педагогикалык маселе. Маселен, VII-VIII кылымдарда жаралган “Коркут ата” китебинде мындай делет: «Ата баркын көтөрө албас барксыз уулдун ата белинен өнгөнүнөн өнбөгөнү жакшыдыр. Эне боюна бүткөнүнөн бүтпөгөнү жакшыдыр».
Кыргыз ичинде да момундай макалдар, таасын айтылган накыл кеп, учкул сөздөр тээ байыртан бери карай жашап келет: “Уул жаманы – уйгак менен тең”, “Кишиден кийин, иттен илгери”, “Жаман уул жакшы атанын наамын булгайт”, “Уулуң жаман болсо өмүрүң кыскарат”, “Жаман уулдун барынан жогу”, “Баланын жогу да балээ, бары да балээ” ж.б. Мындай макал-накылдардан улам кандай жыйынытыкка келебиз?
Туура, ата бала тилейт, балага муктаж, балага зар. Бирок анын тилегени жогоруда айтылгандай жөнөкөй гана биологиялык жан эмес, жөн гана тукум улоочу эмес. Биринчи иретте, бала атанын руханиятынын уландысы болушу керек. Перзент тилеген ата ошол тилегине перзенттин жаркын келечеги, анын болочокто ким болору, кандай жан болору жөнүндөгү үмүтүн, таттуу кыялын кошо чөгөрөт. “Туяктын” төрөлгөнү, албетте, кучак жеткис кубаныч. Бирок анын туулганынан да турары баарынан маанилүү.
Кыргыз, түрк адамы үчүн бала деген нерсе баарынан мурда, мындайча айтканда, социалдык-нравалык категория. Мына ошондуктан жогорудагы бай Жакып өзүнүн муң-зарында жөн гана эненин этегинен түшчү “кызыл этти” эмес, келечектеги моралдык жанды, кунанын кууп минер, кушун таптап салаар тукумду, долоно саптуу айбалтаны аштаар, тозгон журтту томсортпой баштаар уулду тилеп отурбайбы. Эгерде жогорудагы накылдарда айтылгандай, уул уйгак менен тең болсо, иттен илгери, кишиден кийин болсо, атанын наамын булгаса, “ата баркын көтөрө албас барксыз” болсо, андай “туяктын” “эне боюна бүткөнүнөн бүтпөгөнү жакшы”. Демек, түрк калктарынын философиясында ушундай сакал-чачыңды агарткан, өмүрүңдү кыскарткан жетесиз, “ашка жүк, башка жүк” уулдуу көргөндөн көрө “какбаш”, “куубаш” атанып, дүйнөдөн так өткөн артык. Тарых, турмуш миң бир ирет далилдеген: жаман уулдун айынан атанын көкөлөтүп көтөргөн туусу жыгылган, үй-бүлөнүн тирөөчү кулаган, атүгүл бүтүндөй мамлекет кыйраган. V-IX кылымдарга таандык Орхон-Энесай таш эстеликтериндеги жазууларга байкоо салып көрөлүчү. Орхондогу Күл-Тегиндин эстелигиндеги чоң жазууда ушул жазууну ташка чектирип жаздырган Билге каган VI кылымдын орто ченинде биринчи Чыгыш Түрк каганатын курган өзүнүн хан ата-бабалары Бумын менен Истеминин эрдиктрине, акылмандыгына көкүрөгү толо сыймыктанат да, бирок ошол даңктуу чоң аталарынын жаман чыгып калган тукумдары жана анын кесепети тууралуу мындайча малымат калтырган: «Андан кийин… уулдары да кан болгон эле. Андан кийин иниси агасындай болбоду, уулдары канындай (атасындай) болбоду. …Акылсыз каган отурган эле, буйругу да (насааты да) акылсыз жаман болгон эле. …Түрк калкынын элдүүлүгүнүн, мамлекетинин биримдиги учуп кетти, бузулуп калды» (Күл-Тегиндин эстелегиндеги чоң жазуудан). Бул жерде сөз биринчи Чыгыш Түрк каганатынын кулашы жөнүндө болуп жатат. Билге каган каганаттын бузулуп, кулашынын себебин биринчи иретте акылсыз, жаман уулдардын аталарындай боло албагандыгынан, ата наркын, ата салтын жолдой албагандыгынан, бабалардын калыс мыйзамдарын колдоно албагандыгынан көрөт. Мына ушинтип, «ата баркын көтөрө албас барксыз уулдун» бечелдиги, кесепети бир кезде атанын орноткон түркүгүн кулатып, түрк мамлекеттүүлүгүн, элдүүлүгүн, түрк биримдигин бүлүнтүптүр.
Ак таңдай акын Жеңижок бир ырында “уулуң жаман болгон соң, “уулум бар” деп санабай, жата бер жалгыз жайыңда” деп жыйынтык чыгарып турат. Бул жерде кызыгы, ушул бүтүмдү “о дүйнө көздөй жол тартсам, ордумду басар уулум жок” деп арман кылып ырдап, бу дүйнөдөн тукумсуз өтүп бараткан Жеңижоктун өзү айтып отурат. “Жаман уулуң болгончо жалгыздыгың дурус, баланын жогу да балээ, жетесиз чыкса бары дагы балээ” дейт Жеңижоктун логикасы. Демек, “балам жок” деп зарланган армандуу Жеңижоктун балага карата чен-өлчөмү түпкүлүгүндө бөлөкчө. “Сөөлөтүндө шаңы жок, сөзүндө маани жок, кылганынын дайыны жок, же алып койгон зайыбы жок”, түтүн чыккан көрүнгөн үйдөн тамак аңдып, айылда дардайып басып жүргөн, бекерпоз, намыссыз жаман тукум (“Үй-бүлө” ыры), же болбосо, мылтыктын түздүгүн сынаш үчүн адамды атып ойногон Ташыкулдун баласындай канкор, жалгыз уйлуу кедейдин музоосун тартып алган Сулайманкулдун уулундай ташбоор, карабашыл адамды ат байгеге сайган Токтоматтын баласындай түркөй (“Бай балдары” ырынан), наадан макулуктар Жеңижок үчүн бала катары саналбайт. Акындын көз карашында уул деген “каттаса атанын кан жолу, кармаса оң колу, сүйлөсө таңдайы, сүйүнсө маңдайы”. Уул татыктуу болсо, ата өлбөйт. “Кымбат баалуу жакут таштай жакшы уул” (“Үй-бүлө” ырынан) – атанын өлбөстүгүнүн белгиси. “Өзүңдүн ордуң жоголбойт, өнүп-өссө балдарың” (“Терме” ырынан). Демек, Жеңижоктун ою боюнча уулдун дүйнөгө келүү миссиясы жөнөкөй эмес, бийик, жогору. Ал дагы айталы, “дене бала” гана эмес, биринчи иретте атанын асыл нарктарын, салттарын татыктуу уланткан руханий бала болууга тийиш. “Туяктын” маңызы рухта, адеп-ыйманда, маданиятта.
Баланын төрөлүү миссиясы жөнүндөгү Жеңижоктун философиясы байыркы Орхон-Энесай жазууларынын адептик-патриоттук даанышмандыгы менен үндөшүп турат.
Ошол эле Билге каган Күл-Тегин эстелигиндеги жазуунун баш жагында, жанагинтип Бумын, Истеми бабаларынын баркы, наркы, даңкы менен сыймыктанса, андан соң экинчи чыгыш түрк каганатын курган өз атасы Элтерис кагандын эрдиктерин мактаныч кылып даңазалайт. Анан атасынын өлгөндүгүн, ага арнап эстелик, балбал таштар тургузулгандыгын салтанаттап айтат да, мындан кийин «атан өлсө, тайлак бар, комун жерге таштабайт» дегендей, атасынын тагына өзү отургандыгын аңгемелейт. «Атам дүйнөдөн өткөндөн кийин мен кандыкка отурдум» (Билге каган эстелиги). Ал атасы Элтеристин жарык дүйнөгө келгендеги жана кан болгондогу миссиясын мындайча түшүнөт: «Түрк элдин аты, даңкы жок болбосун (өчпөсүн) деп, каган атамды теңири көтөрдү». Элтерис түрк элинин атын, даңкын өчүрбөй, өз миссиясын сыймык менен өтөдү. Ошон үчүн ысымы түбөлүк өчпөсүн деп ага эстелик тургузулду. Эми уулу Билге каган болсо, өзүнүн милдетин атасы аркалаган ошол эле миссияны улантуудан көрөт. «Түрк элдин аты, даңкы жок болбосун деп өзүмдү теңири кандыкка отургузган эле. Иним Күл-Тегин менен сүйлөштүк, ата-бабабыз курган (түзгөн) элдин аты, даңкы жок болбосун».
Билге каган өзүнүн уулдук милдетин ар-намыс менен аткаргандыгын мындайча ташка чектирген: «…Түрк эли үчүн түн уктабадым, күндүз отурбадым. Жылаңач (кийимсиз) элди тондуу (кийимдүү) кылдым, жарды элди бай кылдым. Аз элди көп кылдым. Мен мынча тырышкандык менен курганды баштабасам, түрк эли өлөт эле, жок болот эле. Түрк бектери жана эл муну ойлогула!» (Билге каган эстелигинен).
Дегеле, түрк маданиятында ата деген түшүнүктүн статусу өтө жогору. Уул үчүн ата – тутуна турган тутка, ээрчий турган үлгү, кармана турган туу. Ата – жарыкка туулган туяктын өмүр-жашоосун, жүрүм-турумун, ишмердигин ченеп турган жогорку нравалык чен-өлчөм. Билге каган да өзүнүн Бумын, Истеми, Элтерис аталарынын образдарын дал ушундай нукта өрнөк катары кабыл алып, өзүнүн уулдук вазийпасын атанын руханий-патриоттук жолун улантуудан көрүп, бул милдетин ар-намыстуулук менен аткарып, “туяк” деген ардактуу атка татыктуулугун далилдеп өткөн экен.
Билге каган өзүнүн уулдук милдетин атага кызмат кылуу озуйпасы менен гана чектебей, өз күч-кубатын бүтүндөй түрк элине арнап өмүр сүрүп, “туяктын” парзына кеңири масштабда караптыр. Уулдук милдетти мындай кеңири түшүнүү кыргыз калкынын “ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол” деген акылман макалы менен үндөшүп турат.
Дал ушундай философиялык акыл-туюм Манас баатырга да мүнөздүү. Балтыр эти толуп, “канаты” жетилген чакта жаш баатыр Манас Алтайга сүрүлүп барган кыргыздардын арасында туруп мындай дейт: “Атым өчүп калбайбы, атамдан калган жеримди, Алтайдан калбай албасам, асыл кыргыз элимди, тебелетип бөтөнгө, кор кылып карап жатканча, туулбай туна чөгөйүн, тирүү жүрбөй өлөйүн, энеден неге туулдум, эрлердин жолун кууймун”. Манас энеден туулууну, атанын конушуна ээ болууну, эл-жерим деп эрлердин жолун куу деп туюнат. Эгер мындай болбосо, бу жарыкка туулган туяктын атынын өчкөнү ошол, уулдун туулбай туна чөккөнү ошол деп түшүнөт. Ушуга удаа VIII кылымда Энесай аймагындагы Алтын-Көл деген жерге кыргыз каганы Барсбекке тургузулган таш эстеликтеги жазууга да көңүл буруу артыкбаш болбос. Барсбектин эстелигиндеги жазуу мындай саптар менен башталат. Окуйлу:
«Он ай боюна көтөргөн эле мени энем! Элиме мени тууп берген эле энем» (Орхон Енисей тексттери, 171-бет). Айтмакчы, Алтын-Көлдөгү эзелки кыргыз элчиси Эрен Улугка арналган таш эстеликтеги жазуу да ушундай маанидеги сөздөр менен ачылат: «Он ай көтөрдү энем. Уул туулдум» (ошондо, 172-бет). Барсбектин эстелигиндеги жогорку эки сап сүйлөмдүн экинчи бөлүгүнө назар салалы: «Элиме мени тууп берген эле энем». Жакшылап тигилсек, бул жерде бөтөнчө бир мани жатат. Баса, ошол эле Эрен Улугдун бейитиндеги ташта «уул туулдум» деп эркек болуп төрөлүү фактысына атайын басым коюлуп, сыймыктануу менен жазылып отурат. Демек, бул жерде жакшылап байкасак, эне, уул баланы жөн эле «ыңаалатып», жарык дүйнөгө төрөп коюш үчүн он ай көтөрүп, омурткасы сыздабайт, эркек баланы эне бир үй-бүлөгө гана эмес, жамы тууган элине, калайык-журтуна төрөп берет, уул элдин перзенти, жамааттын табылгасы, ал омурткасы сыздап, он ай көтөргөн энесинин акысына, ак сүтүнө, атасынын багып-тиккен мээнетине элдин уулу болуп, калайык-калкынын керегине жараган атуулдук-азаматтык кызматы аркылуу гана татыктуу боло алат деген идея чөгүп жатат. Мындан улам «элиме мени тууп берген эле энем», «уул туулдум» деген сөздөр бекеринен ташка чегилип жазылбагандыгын туюнсак болот. Уул туулуу, демек, эл үчүн туулуу, элге кызмат кылуу, элге кызмат кылуу – энеге, атага кызмат кылуу дегендикке жатат. Ушул духта Жусуп Баласагындын “Куттуу билиминде” да мындай накыл бар: “Эл ичинде бир макал бардыгы ырас, уулуна ата абийири, ысымы мурас”. Демек, кыргыз-түрк жамаатында уул туулунун өзү эне-атанын бийик иштерге болгон наказы катары түшүнүлгөн. Журттун кызыкчылыгына багыттанган жамаатчыл ойлом кыргыз баласынын кан-жанына ушунчалык сиңген, атүгүл бешик терметип жаткан эне дагы перзентке моминтип ырдап турат:
Алдей-алдей ак бөпөм,
Ата-салтын уланткын,
Ардактап элиң кубанткын,
Баатыр болгун, эр болгун,
Кабылан болгун, шер болгун.
Дал ушундай «туякка» кеңири караган элдик философия Жакыптын да аң-сезимине, кан-жанына астыртан сиңген. Ошондуктан баланын кайгысы жөнүндө ойлонуп жатып, ал аны менен кошо элдин көйгөйү тууралуу да тогуз толгонуп турат. «Туяк» жөнүндө башына ой келсе, тууган эл жөнүндө ой да кошо келет. Жакыптын ички арман-зарынын тереңинде, эгер Теңир боору ооруп, жакшылыгын берип, перзенттүү болсом, ал туяк-тукумум конушума гана кожоюн болбой, айбалтаны аштоочу, калың журтту баштоочу, мекенинен ажыраган шордуу элиме арка-бел болуучу эрен болсо атаганат, мен үчүн да, эл үчүн да төрөлсө гана деген тымызын тилек бугуп жатат. Атанын мына ушундай жалгыз Жакыпка гана эмес, жалпы жамаатка тирек болор туяк тууралуу тымызын тилеги, илгери үмүтү анын уктап жатып көргөн түшүнөн да туюлуп турат. Куубаш ата түшүндө «куйрук-башы жаркылдаган, куштан башка үнү бар, куудан аппак жүнү бар, чырымтал жүнү чылк алтын, тумшугу болот тунжурдай, текөөрү болот темирдей, тырмагы болот канжардай, асмандагы канаттуулар айбатынан учалбаган, жердеги аяктуулар жылып чыгып кача албаган» керемет бир кушту кармап алып, жибектен боо тагып, багып алат.
Бул түштөн перзенттен көзү каткан Жакыптын психологиясы айкын көрүнүп турат. Анын бала жөнүндөгү ички кусасы, болгондо да татыктуу тукум тууралуу эңсөөсү ушунчалык деңиз, ал кусалык, жалындаган үмүт-тилек түшүндө кубулуп, таңыркаткан каймана образга айланып, шумдуктуу куш түрүндө көрүнүп отурат. Бул фантастикалык куш – Жакып атанын да, журттун да кулуну, эпосто айтылгандай «ажыдаардай айбаттуу, арстандай кайраттуу» туяк жөнүңдөгү эңсөө-тилегинин түштө «материализацияланышы».
Акыры Жакыптын түшү чын чыгат. Алиги кереметүү куш бала Манастын каймана түрүндөгү прообразы болуп чыгат. Дүйнөгө Манас төрөлөт. «Уулуң жакшы болсо, өмүрүң узарат», «Жакшы бала – атанын сыймыгы», «Жакшы кыз – жакадагы кундуз, жакшы уул – көктөгү жылдыз» дегендей, бала Манас акылдуу чыгат. Ал жогордагы Билге каган сыяктуу эле атанын туягы катары өзүнүн парзын, жана айтылгандай, батыр ата-бабаларынын патриоттук ишин улантуудан, чачылганды жыйноодон, үзүлгөндү улоодон, жоголгон жокту табуудан көрөт. Манас: «Атым өчүп калбайбы, атамдан калган жеримди, Алтайдан калбай албасам» дейт. Ал жөн эле тирүү жан болуп, ичип-жеп, уктап-туруп мал багар бала болуп жашаганды каалабайт. Манас өзүнүн ата баласы катары жашоосунун маңызын өмүрүн улуу иштерге арноодон көрөт. Акыры Манас эр жетип, айбалтаны аштап, азган элди баштап, «Кулалы жыйып куш кылып, курама жыйып журт кылып», кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүп, атадан калган туяктын миссиясын өлбөс-өчпөс атак-даңк менен аткарат.
Жыйынтыктап айтканда, демек, биздин түрк элдерибиздин маданиятында, анын ичинде улуу «Манас» эпосунда тукум, бала, «туяк» жөнүңдө өзүнчө бир концепция берилген. Бай Жакып айткандай, «дүйнөнүн ээси – бала». Бала – жашоодогу уламалуулуктун, өмүр кербенинин символу. Адамзат көчүнүн кыймылынын, диалектикасынын символу. Баардыгы балага келип такалат. Бала жок болсо жашоо соолуйт, коомдун көчү токтойт. Ал эми үй-бүлөдө «туяк» туулбаса жеке бир атанын тукуму үзүлөт, муундар учугу уланбай өксүйт. Бул – айтып бүткүс трагедия. Ошон үчүн тирүүлүктүн, жашоонун, өмүрдүн куну, куту – балада деп саналып отурат. Ал эми мындай куттан, кундан ажыроо коркунучу, алдыда турган бул өңдүү традегияны сезүү, туюнуу жамаатта Жакыптын арманындай арманга алып келиши мыйзам ченемдүү нерсе. Жакыптын арманы философиялык арман. Бүтүңдөй бир концепцияны туйгузган арман. «Манаста» жарыкка төрөлгөн баланын, туяктын мааниси, дегеле коомдо адамдын өмүр-жашоосунун маңызы эмнеде деген социалдык-философиялык, моралдык суроо-маселе менен тыгыз байланышкан. Жакыптын арманы жана «Манастын» өзү жашоонун маңызы – адамдын өзүнөн жогору турган бир бийик элдик, гуманисттик мүдөө-идеяларга кызмат кылып күн көргөндүгүндө тургандыгын каңкуулап турат. «Манаста» баланын башынан кечире турган өмүр жашоосу дал ушул философиянын турнабайы аркылуу каралып, бийик адеп-ахлак таразасы менен өлчөнөт. Туулган «туяк» жер үстүндө кош аяктуу макулук, кыбыраган көрпенде болуп эмес, айланасына жакшылыктын жарыгын чачкан нурпенде болуп жашоого тийиш. Өз көмөчүнө күл тартып, кара башынын кызыкчылыгынан башканы билбеген Абыке, Көбөштөй, Көзкамандай пенде болуп жашоонун жамаат үчүн маңызы, куну жана куту жок. Көзкамандай, Көбөштөй «туяктын» «эне боюна бүткөнүнөн бүтпөгөнү артык” дейт, «Манастын» логикасы.
Мына ушинтип, «Манаста» перзент аттуу «биологиялык жан» эл-жер, мекен, салт, мамлекет, рух деген чоң түшүнүктөр менен журулуштурулуп каралат. “Перзент энеден туулат, эл үчүн белин буунат”. Эпостун “туяк”, “бала” жөнүндөгү философиясы ушул элдик акылмандыктын нугунда турат.
Бүгүнкү жеке менчик институтуна сыйынган рынок заманында, турмушка коммерциялык-бухгалтериялык, пайдакечтик-эсепчил жана муздак технократиялык мамиле баш көтөрүп, эл, мекен, журт кызыкчылыгы деген чоң түшүнүктөр урматталбай, чындык, акыйкат, ыйман аттуу ыйык нерселер тебеленип, роботчо ойлонгон маңкурттар арбып, үлүлчөсүнөн “кабыгынын” ичине кирип кеткен өзүмчүл, индивидуалист жандар көбөйүп, материалдык байлыктын культу өсүп, ун тапкан, пул тапкан балдар ардакталып, криминал “авторитеттер” барк күтүп, адеп-ахлак кризисинин арааны жүрүп турат. Эгерде ушундай бийик патриоттук мүдөөлөрдөн жана моралдык идеялдардан ажыраган, күнүмдүктү гана ойлогон, улуттук стратегиялык багыты жок, жеке кызыкчылыктарды туу кылган тукум-туяктардын өзүмчүл ойлому жана жүрүм-туруму мындан ары карай чек билбей өсө бере турган болсо, кыргыз мамлекетинин руханий пайдубалы бара-бара урап түшүшү мүмкүн. Мына ушундай опурталдуу кыйын шарттарда улуу “Манасыбыздын” улут жашоосу үчүн фундаменталдык мүнөзгө ээ мекенчил, жамаатчыл, ыймандуу бала, тукум-туяк туурасындагы философиясын биз кайрадан кабыл алып, Манас атасындай “эл үчүн белин буунган” мекенчил патриоту калыптандыруу мүдөөсүн үй-бүлөдөн тарта коомдук мекемеге чейин бекем тутунуп, таалим-тарбия ишин системалуу жүргүзүүнү колго алуу бүгүн аба менен суудай зарыл.
Советбек Байгазиев
"Азия Ньюс" гезити











