Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмгек министрлиги дагы 48 жаранды Түштүк Кореяга жумушка жөнөттү

Эмгек министрлиги дагы 48 жаранды Түштүк Кореяга жумушка жөнөттү

01-ноябрь, 18:02
315 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Бул Кореяга кетип жаткан биринчи топ экени жана калгандары кийинки топ менен жиберилери айтылды. Алар Кореяга жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык жиберилүүдө. Быйыл Бишкек–Инчхон каттамы боюнча чартердик рейс менен Кореяга 600дөн ашык жаран учуп кетти.

Министрлик бул өлкөгө эмгектенүү үчүн кетүүнү каалагандардын жана кетип жаткандардын саны эки эсе өскөнүн билдирди. Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору EPS программасынын алкагында Корея менен тыгыз иш алып барып, 15 жыл аралыгында 5 миңден ашуун Кыргызстандын жаранына жумуш таап берген.

Учурда Кореяда EPS программасы боюнча 1,5 миңге жакын жаран эмгектенет. Жумушка кеткендердин көпчүлүгү тамак-аш, химия жана кагаз өнөр жайы ишканаларында иштешет: пластмасса, резина жана айнек буюмдарын жасоо.

Корея Республикасында иштеген эмгек мигранттарынын орточо маянасы жатакана жана тамак-аш иш берүүчү тарабынан төлөнөрүн эске алганда, 1800 АКШ долларын түзөт.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер