Манас шаарынын вице-мэри Дамирбек Давляновдун кылмыш иштери жабылганбы?


Соңку убактарда “кызыктуу кадрларга” күбө боло баштадык. Аз күн мурун Дамирбек Давлянов Манас шаарынын вице-мэрлигине дайындалды. Бул жигит убагында Ошто Алмазбек Эргешовдун кол астында иштеп жүрүп, Толкунбек Шоноевдин өлүмүнөн кийин жумуштан эмне себептен айдалган? Баңгизаттарга байланыштуу көмүскөдөн уу-дуу кептер чыгып, аягы кандай таризде тынчыган? Айтор, арсар ойлор арбын...
Кийин Данияр Абдыкаров ИИМдин орун басары кезинде Дамирбек Давляновду ГУБОПтун начальниги кылып, көп өтпөй ишенген кадры оор кылмышка айыпталганы, качканы, издөөгө алынганы боюнча ЖМКларга чыкпады беле? Ал иштеринен кантип кутулган? Жооптуу кызматка бараткан жетекчинин өткөн чагы күмөн жаратпашы керек да. Коомчулукка билдирүү кылып койсо не? Эгер артын тазаласа, кандай жолдор менен?..











