Акыркы кабарлар
» Саясат » Министр Аскарбек Жаныбеков карапайым дыйкандардын энчисин байларга оодарабы?
Министр Аскарбек Жаныбеков карапайым дыйкандардын энчисин байларга оодарабы?
26-сентябрь, 23:55

Ушундай. Карапайым элге тийешелүү жерлер Жогорку Кеңештин 309-токтому боюнча айыл чарба министрлигине өткөнү, натыйжада, байларга “бадарке” катары берилери каңкууланды. 276 миң гектар жердин пайдасын кимдер көрөрүн азырынча ачыкташа элек. Министр Аскарбек Жаныбеков карапайым эл арендага алып, тиричилик кылган ырыскысын жулуп алганы эмнеси? Айыл өкмөттөрдүн балансында турса, аймактардагы дыйкандар пайдаланмак да, туурабы? Сыягы, айыл чарба министрлиги башка жагынан бизнес кылганы аз келгенсип, эми элдин ырыскысын майкандашабы? Түшүнүксүз.
"Азия Ньюс" гезити